Карантинде көчөгө чыккандарды "арбактар" коркутууда. Индонезиядагы окуя

© REUTERS / STRINGERСитуация в Индонезии в связи с коронавирусом
Ситуация в Индонезии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар билдиргендей, арбак сымал кийинген ыктыярчылар күтүлбөгөн жерден күтүлбөгөн маалда чыга калганда эл коркуп, үйлөрүнөн чыкпай калган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Коронавирус эпидемиясынан улам Индонезиядагы айылдардын биринде ыктыярчылар жергиликтүү тургундар коркуп, сыртка чыкпасын деп "арбакка айланууга" аргасыз болушкан. Бул тууралуу ВВС жазды.

Билдирмеге ылайык, окуя Индонезиянын Ява аралындагы Кепух айылында болду. Айыл бийлиги март айынын аягынан тарта элди коркутуп, үйлөрүнө киргизиш үчүн арбак сымал кийинген ыктыярчыларга жардам сурап кайрыла баштаган.

Оператор жумуш учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Карантинде жардам сурап кайда кайрылса болот? Өлкө боюнча керектүү номерлер
Рейтер агенттигинин журналисттери "арбак" ыктыярчылар айылда кандай иштеп жатканын көрүү үчүн Кепухка барышкан. Алардын айтымында, алгач бийликтин бул ыкмасы жакшы иштеген эмес. Тескерисинче, "арбактарды" көрүүгө кызыккандар көп болуп, баары көчөгө чыга баштаган.

Бирок жергиликтүү тургундар билдиргендей, арбак сымал кийинген ыктыярчылар күтүлбөгөн жерден күтүлбөгөн маалда пайда боло баштаган. Мындан улам эл коркуп, үйлөрүнөн чыкпай калган.

"Көчөдө арбактай кийинген ыктыярчылар пайда болгондон тарта балдар ата-энелери менен үйдө отурат. Кечки дубадан кийин эл көчөгө чыкпай калды", — деген Карно Супадмо аттуу жергиликтүү тургун.

Азыркы тапта Индонезияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4500гө жетип, андан 400 киши көз жумган. Серепчилер өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны мындан да көбөйөт деп божомолдошууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0