Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны

© Sputnik / Irina OvchinnikovaДостопримечательности Бурятии
Достопримечательности Бурятии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гиддердин жүз жылдай илгери адамдар кантип жашагандыгы туурасындагы баяндарын тыңдап жатып, ой чабытың ошол доорго жетеленет. Өз көзүм менен бир көрсөм дейсиң. Бурятияда сиз дал ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болосуз.

Көчмөндөрдүн боз үйлөрү бар, диний эски ырым-жырымды жактоочулардын боек менен кооздолгон чакан тамдары, Байкал жээгиндеги сүрдүү чиркөө – булардын баары туристтер үчүн ачык. Стол үстүндөгү бир короо кой оюнун кантип ойноого болот? Эмнеге будда ламалары учпайт жана суюк халваны кайдан табууга болорун биздин өнөктөш – РИА Новости агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Эмнеге ламалар куштардай учпайт?

"75 жашка чейин гана жашайсың, жогорулатууң зарыл. Токойго жөнө, кумурскаларга кара нандан бер", — дейт Ацагатта жайгашкан (Улан-Удэден 50 чакырым аралыктагы айыл) Будда храмындагы Тарба Лама Доржиев. 

© Sputnik / Ирина ОвчинниковаТарба Лама Доржиев
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Тарба Лама Доржиев

Анын айтымында, кайрылгандардыy суроосу арбын. Батирди кайдан сатып алууну сурашат, үйлөнөрдүн алдында кеңешип, жаштар бири-бирине төп келип-келбегенин текшеришет. Соңку убакта орус улутундагы аялдар көп келе баштады, мусулмандардан да кайрылгандар бар.

"Буддизм — бул дин эмес, окуу, ошондуктан мында ага ишенүү милдеттүү эмес, — деп түшүндүрөт Доржиев, — Күн бардыгыбызга тегиз тиерин дайым айтып келем"
© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭтигэлэй Хамбо ламын ордондун (Хамбо-Лама Итигэлов ордосу) тегерегиндеги ыйык барабандар
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Этигэлэй Хамбо ламын ордондун (Хамбо-Лама Итигэлов ордосу) тегерегиндеги ыйык барабандар

Лама-философ катары (алар табып, көркөм искусство жана купуя илимге адистешкен астролог болушат) бул киши дарс окуйт.

"Менден сыйкырдуу бир нерсени көрсөтүүнү көп өтүнүшөт, баары кереметти күтөт, бирок андай жок да. Анан калса, мен уча турган болсом, баары коркуп, жакасын кармашат болчу", — деп кошумчалайт мыйыгынан жылмая Доржиев.

Монголдордун тартуусу

Ацагат дацаны — буддисттик чиркөө университети — республикадагы эң эзелкилерден. Ага Бурятияга келген сапарында болочок император Николай II да баш баккан деген кеп бар.

Кичинекей Нарын-Ацагат айылында Тибеттин руханий жана жарандык лидери Далай-лама XIIIнүн (1876–1933) жети устатынын бири Агван Доржиевдин үй-музейи жайгашкан. 

© Sputnik / Ирина ОвчинниковаАгван Доржиевдин үй-музейиндеги экскурсовод
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Агван Доржиевдин үй-музейиндеги экскурсовод

Анча байкалбаган чакан там бул жакка кирген буддистердин баары оңтойсуз кылган нерсени жашырат. Доржиевдин жана анын шакирттеринин момдон жасалган фигурасынан сырткары, Далай Лама XIV да бар.

Тирүүлөрдүн элесин мындай кылып чагылдырууга жол берилбейт. Анткен менен Монголиядагы жаш чеберлер далай-ламалардын бир нечеси жашап өткөнүн ойлошпой, өздөрү билген – азыркы гана Далай-ламанын скульптурасын жасашкан.

Доржиев дипломат, агартуучу, коомдук ишмер, мындан тышкары, Санкт-Петербургдагы Европанын биринчи буддисттик храмынын курулушунун демилгечиси катары белгилүү.
© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭтигэлэй Хамбо ламын Ордондун тушундагы Иволга дацаны буддисттик монастырь комплексиндеги XII хамбо-лама Даши Доржо Итигэловдун статуясы (Хамбо-Лама Итигэловдун ордосу)
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Этигэлэй Хамбо ламын Ордондун тушундагы Иволга дацаны буддисттик монастырь комплексиндеги XII хамбо-лама Даши Доржо Итигэловдун статуясы (Хамбо-Лама Итигэловдун ордосу)

"Бизге Санкт-Петербургдагы мектептердин директорлору келген, аларга дацан Кичи Невканын жээгиндеги деп айтып бергем. Алар мен айткан жерде дайра жок, метро жайгашканын айтып жатышпайбы! Кийин өзүм барып көрдүм, чындап эле дайра жок экен,"— деп эскерет Ирдындын экскурсоводу Дара Батмаевна.

Боз үйдөгү коммунизм

"Чынжырды ыргытасың. Ал стол үстүнө түшкөнчө чогултулган чүкөдөн өзүң тарапка колдон келишинче көптү жылдырып үлгүрүшүң керек. Эгер жетишпей калдыңбы, анда бир короо койду жаңы эле уттурдум дей бер", — деп түшүндүрдү этнокомплекстеги гид стол үстүндөгү оюндун эрежесин. 

© Sputnik / Ирина ОвчинниковаСалттуу бурят оюндары үчүн чүкөлөр
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Салттуу бурят оюндары үчүн чүкөлөр

"Талаа көчмөнү" (Ацагаттан автоунаа менен он мүнөттүк жол) этнокомплексинде монголдордун турмушу менен таанышып, алардын улуттук кийимдерин кийип көрүүгө болот. Боз үйлөр киши жашагандай жана алар бир азга сыртка чыккандай туюлат. Дал ортосунда очок, сол тарабы салтка ылайык аял кишилерге, оң жагы эркектерге таандык. Ал эми ашташкан жери – сыйынуу үчүн орун. Мейман баш багары менен ошол жакка өтөт. 

© Фото / из личного архива Ирины Овчинниковой"Талаа көчмөнү" этнокомплексинин кызматкерлери турист кыз менен боз үйдө
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
"Талаа көчмөнү" этнокомплексинин кызматкерлери турист кыз менен боз үйдө

Бурятиялыктарды туурап андан ары алардын элдик бий-хору болгон "Ёхорду" аткардык. Ырдын сөзүн так түшүнө албадык, бирок абдан шаңдуу, бир-эки жеринде "комсомол" жана "электрификация" дегендей угулду бизге. Тамашалап жатышабы деп тактасам, Советтер Союзунан бери ырдалган улуттук ырда чындап эле булар камтылат экен. 

© Sputnik / Ирина Овчинникова"Талаа көчмөнү" этнокомплекси
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
"Талаа көчмөнү" этнокомплекси

Талаа көчмөндөрү XX кылымдын башында отурукташып, чакан тамдарда жашай башташкан. Кадимки эле үйлөрдөй, тек гана ортосунда боз үйдөгү очоктой болгон меш турат.

Россиядагы Тибет буддизми

Россиянын Буддисттик салттуу Сангхинин башкы дацаны Иволгин Бурятиянын борбор калаасы Улан-Удэден 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Мында он чакты храмды көрүүгө болот. Ар биринин ичинде — чатырлары кытай стилинде, катар-катар тирөөчтөрү бар залдар бар. 

© Sputnik / Ирина ОвчинниковаРоссиянын Буддисттик салттуу Сангхинин башкы дацаны Иволгин
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Буддисттик салттуу Сангхинин башкы дацаны Иволгин

Буриятияда буддизм өзгөчө, Кытай, Таиланд же Вьетнамдагыга окшошпойт. Бул – "сары" деп аталган тибеттик салт. Анда айрыкча ыйман, монах тартиби жана философияга чоң көңүл бөлүнөт.

© Sputnik / Владимир ПесняФОТО: XII хамбо-лама Даши Доржо Итигэловдун чирибеген сөөгү сакталган Этигэлэй Хамбо-ламын Ордондун (Хамбо-лама Итигэлов ордосундагы) кире беришиндеги монах
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
ФОТО: XII хамбо-лама Даши Доржо Итигэловдун чирибеген сөөгү сакталган Этигэлэй Хамбо-ламын Ордондун (Хамбо-лама Итигэлов ордосундагы) кире беришиндеги монах

Храмдардын биринде Хамбо-лама Итигэловдун чирибеген сөөгү сакталат. Уламышка караганда, 1927-жылы Чыгыш Сибирдин буддисттеринин жетекчиси нирванага (буддисттерде – көр тиричиликтен көтөрүлө, жандын жай алышы) сүңгүйт. Азыр ага миңдеген табынуучулар келип, тилек кылып, анан да эң башкы нерсени билгилери келет. Ага жооп катары жүзүндө араң байкалган кыймылды кабылдашат. Эмне көргөндөрүн — жылмаяр-жылмайбас болгонун же жактырбагандай кабак-кашын түйгөнүн эч бир жанга айтканга болбойт.

Талкаланган табактардын сыры

"Семейликтердин үйлөрүнө кирип суу сурасаң, короодон чыгып-чыга элегиңде идиштин сынганын кулагың чалчу убактар эсимде. Алар бейтааныш даам сызган идишти жуушкан эмес, илдет жугузуудан абдан чочулашкан", — деп баяндайт диний эски ырым-жырымды жактоочулардын кыштагы Тарбагатайга бараткан жолдо жергиликтүү туристтик агенттиктердин биринин кызматкери Валентин. Семейликтер деп XVIII кылымдын аягында Речь Посполитая аймагынын бөлүштүрүүсүнөн соң Забайкальеде жайгаштырылгандарды (чоң-чоң үй-бүлөлөр менен келишкен) аташат.

"Жик чыккандан кийинки жүз жылда биз Польшада болчубуз, бирок Екатерина II бизди ыраак жактарга жөнөтүүнү чечкен. Андан соң бардар жашадык, революция алдында айылда беш чиркөө жана собор болгон. Анын ордунда 1934-жылдан ушул күнгө дейре турган оорукана жайгашат", — дейт бизди чиркөөдө күтүп алган дин кызматкери Сергий.
© Sputnik / Ирина ОвчинниковаДиний эски ырым-жырымды жактоочулар чиркөөсүнүн кызматкери отец Сергий
Диний эски ырым-жырымды жактоочулар чиркөөсүнүн кызматкери отец Сергий - Sputnik Кыргызстан
1/2
Диний эски ырым-жырымды жактоочулар чиркөөсүнүн кызматкери отец Сергий
© Sputnik / Ирина ОвчинниковаТарбагатайдагы чиркөө
Тарбагатайдагы чиркөө - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тарбагатайдагы чиркөө
1/2
Диний эски ырым-жырымды жактоочулар чиркөөсүнүн кызматкери отец Сергий
2/2
Тарбагатайдагы чиркөө

Эки бармак жана үч бармак, сегиз бурчтуу кресттердин (чырымдардын) маанисин түшүндүрүп, кол жазма китептерин көрсөттү.

"Бизде дин кызматкерлерине көп нерсеге тыюу салынган, антпесе береке кетет", - деп эрежелерди өтө бекем сактайт.

© Sputnik / Ирина Овчинникова Тарбагатай айылындагы музей
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Тарбагатай айылындагы музей

Бирок анын демилгеси менен түзүлгөн тарых жана маданият музейиндеги экспонаттарды отец Сергий сыймыктануу менен сүрөткө тартууну өтүнүп, 300 жылдык үрөн сепкич жана сапыргычтарды, анан да жергиликтүү элдин кийимдерин өзү көрсөтөт. Алар абдан жакшы сакталган, түстөрү да ачык, алар бул жакка жакын жерден өткөн Кытайдан бет алган кербен жол менен алып келинчү. Чындап эле бул жактагылар жарашыктуу кийинип жакшы турушкан.

Жергиликтүү үйлөнүү той

"Бизде үйлөнүү тойго мейман чакырышкан эмес, эки жаш элге ооз тийгизчү азыгын көтөрүнө үймө-үй кыдырган. Ошол себептен баш кошуунун урматына арналган салтанат коңшу-колоңдордун баарыныкына кирип чыкмайынча бүткөн эмес", — дейт Десятниково айылындагы "В гостях у семейских" борборундагылар. 

© Фото / из личного архива Ирины ОвчинниковойТарбагатай айылындагы "үлпөт той"
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Тарбагатай айылындагы "үлпөт той"

Бул жакта чыныгы конок үйдө жергиликтүү диний эски ырым-жырымды жактоочулар кантип жашаганын (азыр да кантип жашап жатышканын) көрсөтүп беришет. Бирок салттуу үйлөнүү той азыр жокко эсе, анткени жаштар шаарларга жер которуп кетишет. Ал эми карыялар Польшаны бир кездерде байырлаган ата-бабаларынын ырларын аткарышат, туристтер үчүн үрп-адаттарды сахналаштырып, айылдын меймандарына меш же коломтодо бышырылган тамак-аштарды сунушат. Суюк халвадан ооз тийгизишет, аны жемиштен жасалган таттуулуктар сыяктуу блинге сүйкөп жеген абдан ыңгайлуу. Эзелки рецепт менен азыр жасалбайт, дүкөндөн сатып алышат. Болгону бууга эритип, бал аралаштыруу керек. 

© Sputnik / Ирина ОвчинниковаСемейлик диний эски ырым-жырымды жактоочулар
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Семейлик диний эски ырым-жырымды жактоочулар

Десятниково Бурятиядагы эң кооз кыштак болуп саналат, жалпы россиялык кооз айылдардын сабынан да орун алган учуру арбын. Бирок түркүн-түстүү кооз тамдар жакында калбай калышы ыктымал.

"Тургундардын көбү үйдүн фасаддарын желим менен жаба башташты, мындайда жылына эки ирет сырдап убара тартышпайт. Себеби күн катуу тийгенде өңү тез оңуп кетет. Акыркы жылдары мен акысыз боек сурап бийликке кайрылып келем, азырынча буга макул болуша элек", — дейт диний эски ырым-жырымды жактоочулар борборунун жетекчиси Любовь Пластинина.
© Sputnik / Ирина ОвчинниковаДесятниково Бурятиядагы эң кооз кыштак болуп саналат
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Десятниково Бурятиядагы эң кооз кыштак болуп саналат

Анын айтымында, пандемияга дейре Десятниководогу салттуу жашоону жакындан көрүү үчүн көбүнчө кытайлыктар, немистер, япондор келишчү. Россиялык туристтер 20 пайыздын тегерегинде эле.

Туруктуулук шамалы

Байкалдын чыгыш жээгинде өткөнгө көз салчу кеминде эле дагы бир жер бар. 1682-жылдан бери жергиликтүү монголдор тарабынан орус элчилигинин өкүлдөрү өлтүрүлгөн жерде азыр Спасо-Преображенск Элчи монастыры турат. 

© Sputnik / Ирина ОвчинниковаБайкал жээгиндеги Элчи монастыры
Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Байкал жээгиндеги Элчи монастыры

Чиркөөдө ыйык Иоанн Креститель, Николай Чудотворец жана башкалардын улгайган италиялык айым белек кылган кургатылган сөөгү коюлган уникалдуу кемеси сакталат.

"Эмнеге ал бизге андай белек кылганын билбейм. Анын уулу дипломат болгонун айтышат, ал эми биз бул ишмердикке тиешебиз бар имиш", — деп моюнга алат отец Лука.

Табынуучулар үчүн мейманкана да иштейт. Чындыгында бул жактарга негизинен жайкысын агылышат, себеби саратанда муздак шамал жок, катуу да сокпойт.

* Материалды даярдоодо Бурятия Республикасынын Маалыматтык саясат комитетинин көрсөткөн көмөгүнө ыраазычылык билдиребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0