АКШ жарандарын алып кетпеген мамлекеттерге санкция киргизиши мүмкүн

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүү"Токто" белгиси АКШ желигинин жанында. Архив
Токто белгиси АКШ желигинин жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документке ылайык, Мамдепартаменттин башчысына мындай өлкөлөр тууралуу кабар берилет. Жетекчи бир аптанын ичинде ал өлкөлөргө чектөө киргизүү чечимин кабыл алат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү коронавирус эпидемиясынын шартында өз жарандарын кайтарууну создуктуруп же аракет көрбөй жаткан мамлекеттерге визалык санкцияларды киргизиши мүмкүн болгон жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Государственный флаг Турции  - Sputnik Кыргызстан
Түркия уруксат кагазын узарта албай калган кыргызстандыктарга айып салбайт
Документ боюнча мындай эреже бузуулар тууралуу мамлекеттик катчыга Американын ички коопсуздук министрлигинин башчысы кабар берип турушу шарт. Өз кезегинде мамлекеттик департаменттин жетекчиси жети күндүн ичинде өлкөлөргө карата чектөө киргизүү чечимин кабыл алышы керек. Маалыматта кеп биринчи кезекте виза берүүнү чектөө тууралуу болушу мүмкүндүгү айтылат.

11-март, эртең мененки маалыматка ылайык, АКШда COVID-19 жуктургандардын саны 501 560га жетип, 18 777 киши көз жумду. Ал эми 29 132 адам оорудан дарыланды.

Дүйнө боюнча COVID-19 вирусуна 1 698 626 киши чалдыгып, 102 774 киши каза тапты. Ооруну жеңгендердин саны 376 677.

Жаңылыктар түрмөгү
0