Түркия уруксат кагазын узарта албай калган кыргызстандыктарга айып салбайт

© AP Photo / Lefteris PitarakisГосударственный флаг Турции
Государственный флаг Турции  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чаралар Түркияда коронавирус кырдаалы жөнгө салынганча жана үзгүлтүксүз каттамдар калыбына келгенче күчүндө болот.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Түркия жашап турууга уруксат кагазын узарта албай калган чет элдик жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга айып санкцияларын колдонбойт. Бул тууралуу Республикалык штаб КРдин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, коронавирустан улам виза аркылуу Түркиядан чыгып кете албай калган жарандарга да айып салынбайт.

"Мындай чаралар Түркияда коронавирус кырдаалы жөнгө салынганча жана үзгүлтүксүз каттамдар калыбына келгенче күчүндө болот", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түркияда коронавируска кабылгандардын саны 42 миңден ашып, 908 адам көз жумган. Бул мамлекетте коронавирус жуктурган кыргызстандык жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0