Сауд Аравияда 150 ханзаада менен ханбийке коронавирус жуктуруп алды

© REUTERS / AHMED YOSRIЭр-Рияд шаары
Эр-Рияд шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, Фейсал падыша атындагы ооруканада кадырлуу адамдар үчүн 500 VIP-орун дайындалды.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Сауд Аравиясында падышанын үй-бүлөсүнүн 150 мүчөсү коронавирус жуктуруп алганы айтылууда. Бул тууралуу The New York Times басылмасы үй-бүлөгө жакын адамдарга таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Фейсал падыша атындагы ооруканада кадырлуу адамдар үчүн 500 VIP-орун дайындалган. Мындан тышкары, басылма ханзаадалардын бири, Эр-Рияддын губернатору ушул тапта жандандыруу бөлүмүндө экенин жазды.

"Салман падыша өзү 84 жашта. Ал азыр Кызыл деңиздеги аралда жайгашкан үйүндө изоляцияда жатат. Мураскер ханзаада Мухаммад ибн Салман аль-Сауд жана министрлер дагы элден обочолонуп алышкан", — деп айтылат макалада.

Ал эми падышанын балдары менен неберелери вирусту кайдан жуктуруп алганы жазылган эмес.

Ушу тапта бул өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 3 миңге жетти. 9-марттагы маалыматка караганда, 41 киши көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0