Окумуштуулар: коронавирусту 48 сааттын ичинде басаңдата турган препарат табылды

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүПроизводство лекарственных препаратов в Хабаровске
Производство лекарственных препаратов в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, препарат коронавирустун кесепетинен улам ооруларды өтүштүрүп жибербегенге жана аны алдын алууга көмөктөшө алат.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Австралиялык окумуштуулар коронавирусту 48 сааттын ичинде басаңдата турган препаратты аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы Antiviral Research аталышындагы илимий журналга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кеп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган ивермектин аттуу антипаразиттик дары тууралуу болуп жатат.

Вакцинация от гриппа в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кургак учукка каршы вакцинанын коронавируска таасирин иликтешти
Монаша университети менен Королдук госпиталдын окумуштуулары лабораториялык шартта аталган препараттын таасирин анализдеп чыгышкан. Адистер коронавирус жуктурганына эки саат болгон клеткага ивермек кошуп көрүшкөн. Дарынын бир дозасынан соң 24 сааттан кийин вирустун рибонуклеиндик кислотатасы (РНК) 93 пайызга, эки күндөн кийин 99 пайызга азайган.

Окумуштуулар алардын иши коронавирусту айыктырууда дары каражаттарын изилдөөгө жол ачарына ниеттенип жатканын билдиришкен. Алардын айтымында, ивермектинди азыртадан баштап колдонуу вирустук чыңалууну азайтканга, анын кесепетинен ооруларды өтүштүрүп жибербегенге жана коронавирусту алдын алууга көмөктөшө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0