Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму киргизилген чектөөлөрдү эрте албоого чакырды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДезинфекциялоо иштер учурунда. Архив
Дезинфекциялоо иштер учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис коронавирус ар кайсы мамлекетте түрдүү тарап жаткандыктан бүт дүйнө бир күндө "ооруга чекит коюлду" деп айта албай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Коронавируска байланыштуу өлкөлөрдө киргизилген чектөөлөр эрте алынбашы керек. Себеби оорунун кайрадан жаңы толкуну пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Кристиан Линдмайер Женевада өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүт дүйнө коронавируска бир күндө чекит коё албайт.

"Коронавирус ар бир өлкөнүн ар кайсы аймагында түрдүү тарап жатат. Ошондуктан баарыбыз бир учурда ооруга чекит коюлду деп айта албайбыз. Бул жерде эң маанилүүсү оору кайра башынан башталып кетпеши үчүн мамлекеттер, аймактар чектөөлөрдү эрте алып салбашы керек", — деди Линдмайер.

Ал ошондой эле ар бир мамлекет аймагындагы кырдаалга анализ жүргүзүү менен чектөөлөрдү кайсы убакта алган туура болору чечиле турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0