Агрессивдүү! Роскосмос Трамптын Айдын ресурсун өздөштүрүү жарлыгын сынга алды

© AFP / NICHOLAS KAMMАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис тарыхта өз кызыкчылыгы үчүн бир мамлекет экинчисин басып алууга аракет кылып келгенин, бирок анын аягы жакшылык менен бүтпөй турганын эске салды.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. АКШнын космостук ресурстарга ээ болуу укугун өзүнө ыйгарып алуу планы эл аралык кызматташууга кедергисин тийгизет. Бул тууралуу Роскосмос жетекчисинин эл аралык кызматташуу боюнча орун басара Сергей Савельев билдиргенин РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 6-апрель күнү америкалыктардын космостук ресурска ээ болуу укугу каралган жарлыкка кол койгон. Андан сырткары, жарым жылдын ичинде башка мамлекеттер менен Айдагы ресурстарды алуу, пайдалануу жана иштетүү боюнча бир пикирге келүүнү тапшырган.

"Космос мейкиндигин байлыгынан мажбурлап ажыратып, башка планеталардын аймагына баскынчылык кылуу менен натыйжалуу кызматташууга үмүт артпай эле койсо болот", — деди Савельев.

Ал тарыхта өз кызыкчылыгы үчүн бир мамлекет экинчисин басып алууга аракет кылып келгенин, бирок анын аягы жакшылык менен бүтпөй турганын эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0