Окумуштуулар кургак учукка каршы вакцинанын коронавируска таасирин иликтешти

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүВакцинация от гриппа в Краснодаре
Вакцинация от гриппа в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер коронавирустун дүйнөгө жайылышын, канча адамдын өмүрүн алганын жана 178 мамлекеттеги кургак учукка каршы вакцина программасынын иштеп-иштебегенин салыштырып көрүшкөн.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кургак учукка каршы вакцина программасы иштеген мамлекеттерде коронавирус менен ооругандардын саны салыштырмалуу 10 эсе аз болууда. The IrishTimes басылмасынын жазганына караганда, мындай тенденцияны Техас университетиндеги эпидемиологдор тобу изилдөө учурунда байкаган. 

Окумуштуулар коронавирустун дүйнөгө жайылышын, канча адамдын өмүрүн алганын жана 178 мамлекеттеги кургак учукка каршы вакцина программасынын иштеп-иштебегенин салыштырып көрүшкөн.

"Натыйжада кургак учукка каршы вакцина колдонулган өлкөлөрдө 15 күн аралыгында бир миллион адамдын ичинен 38 киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Ал эми мындай программа иштебеген мамлкеттерде бир миллион адамдын 358и COVID-19 инфекциясына кабылганы белгилүү болду. Ошондой эле биринчи учурда бир миллион адамга 4,28 өлүм, программа иштебеген мамлекеттерде бир миллион калкка 40 өлүм туура келген", — деп окумуштуулардын бири Пол Хегарти билдирген.

Буга чейин орус окумуштуулары коронавируска каршы вакцина чыгарууга эмне тоскоолдук болуп жатканын айтып берген

Жаңылыктар түрмөгү
0