Түркияда коронавируска каршы вакцина жаныбарларга ийгиликтүү сыналды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТест-системы для диагностики нового коронавируса
Тест-системы для диагностики нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиялык окумуштуулардын чыгарган COVID-19 илдетине каршы вакцинасы жаныбарларга лейкопластырга чапталган микроийненин жардамы менен сайылган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Түркиялык адистердин COVID-19 инфекциясына каршы вакцинаны жаныбарларга жасаган сынагы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу түркиялык Hurriyet сайты жазып чыкты.

Анкарадагы Хаджеттепе университетинин медициналык факультетинин профессору Атеш Каранын айтымында, вакцина жаныбарларга лейкопластырга чапталган микроийненин жардамы менен сайылган. Натыйжада иммундук жооп болгон, тагыраагы, организмге антителалар бөлүнүп чыккан.

"Эми бул вакцина адамдарды коронавирустан коргой алар-албасын текшерүү гана калды", — деди Кара.

Түркияда алгач ирет оору жуктурган учур 11-мартта катталган. Вирус жуктурган адам Европадан келген жергиликтүү жаран болуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0