Дүйнө экономикалык кризиске даяр болушу керек! Россия менен Кытайдын божомолу

© AFP / SPENCER PLATTТрейдер в медициналык бет капчан биржда. Архив
Трейдер в медициналык бет капчан биржда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус 200дөн ашык өлкөнү каптап, аны 1 миллион 200 миңден ашуун адам жуктуруп алды. Мындан улам көптөгөн мамлекеттер карантин жарыялап, чек арасын жаап, жарандарынын кыймылына чектөө киргизди.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынын кесепети экономикага олуттуу таасирин тийгизүүдө, ал дүйнөлүк каатчылыкка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Россия 1" каналынын "Москва. Кремль. Путин" телеберүүсүндө маек берип жатып айткан. Маалымат катчынын мындай божомолун РИА Новости жарыялады.

"Бул каатчылыкка даярданыш керек. Бир нече өлкөлөр тарабынан антикризистик чаралар, мындан ары жасай турчу кадамдар иштелип чыгышы зарыл", — деп айткан Песков.

Медициналык маска кийген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жана энергорыноктун кыйрашы. Саресеп
Коронавирус 200дөн ашык өлкөнү каптап, аны 1 миллион 200 миңден ашуун адам жуктуруп алды. Мындан улам көптөгөн мамлекеттер карантин жарыялап, чек араларын жаап, жарандарынын кыймылына чектөө киргизди. 

Нефть рыногунда да көйгөй жаралып, жыл башынан бери мунайга болгон баа бир топ эле төмөндөдү. "ОПЕК+ келишими" бузулду.

Кытайдын Элдик банкы да коронавирус эпидемиясы көзөмөлдөн чыгып кетсе, дүйнөнү каатчылык капташы мүмкүн экенин билдирген. Кытайлык экономисттер коронавирустун кесепети 2008-жылдагы кризистен да оор болорун божомолдошкон.

Бирок мындай пикирге айрым серепчилер кошулбайт.

Гонконгдогу Кытай университетинин профессору Теренс Чонг South China Morning Post гезитине маек берип жатып, чектөөлөр алынса эле экономика өз ордуна келерин айткан.

"Өкмөт июлга чейин чектөөлөрдү азайтышы мүмкүн. Тамак-аш жетишсиздиги жаралбай, социалдык маселелер курчубай, эл, экономика чыгымга учурабашы үчүн алдын алуу иштерди жасашы керек. Чектөөлөр алынса эле экономика өз калыбына келет", — деген профессор.

Буга чейин Дүйнөлүк соода уюмунун жетекчиси Роберто Азеведо да коронавирус шарттаган экономикалык кризис 2008-жылы болгон финансылык каатчылыктан алда канча оор болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0