Коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Коңшу мамлекеттердеги абал

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүАлмата шаарында метродо бараткан жүргүнчү
Алмата шаарында метродо бараткан жүргүнчү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк статистиканы алсак, коронавирус жуктурган адамдардын саны жер жүзүндө 1 миллион 200 миңден ашты.

БИШКЕК, 5-апр.— Sputnik. Коңшу Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 551 болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бейтаптардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларынан. Бул өлкөдө коронавирус алты адамдын өмүрүн алды.

Өзбекстанда вирус аныкталган учур 300гө чамалап калды. 25 жаран вирустан сакайып чыкса, экөө каза болду.

Ал эми Россияда ооругандардын саны беш миңден ашып, 45 адам көз жумду.

Жайга топурак салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Ноокатта көз жумган кишини акыркы сапарга 10дой адам узатты
Кыргызстанда болсо 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды. Вирус аныкталган эки адам көз жумду.

Дүйнөлүк статистиканы алсак, коронавирус жуктурган адамдардын саны жер жүзүндө 1 миллион 200 миңден ашты. Мындай маалымат Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтына жарыяланган.

Тизменин сап башында АКШ турат. Аталган өлкөдө 300 миңден ашуун адам бул вирусту жуктуруп алган.

Оорунун очогу аталган Кытайда коронавирусту 82 миңден ашык адам жуктуруп, 77 миңден ашууну сакайып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0