17:02 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (747)
1509 0 0

Дарыгер италиялыктар карантинге араң көнгөнүн, аралыкты, айткан эрежелерди да сактабай коюшканын кошумчалады.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Италия коронавирусту өз убагында алдын албагандыктан каза болгондор көп болуп кетти. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы Санкт-Петербургдагы Колдонуучулардын укугун коргогон федералдык кызматтын (Роспотберназор) алдындагы Микробиология жана эпидемиология илим-изилдөө институтунун башчысынын орун басары Александр Семеновго шилтеме берип кабарлады.

"Италия аз дегенде үч жумага кеч калып калышты. Биз мындай кылбаш керек экенин түшүндүк. Азыр биз бул жакта иштеп, жардам бере баштагандан тарта көп нерсени билип калдык", — деди Семенов.

Ал италиялыктар карантинге араң көнгөнүн, жергиликтүү эл аралыкты, айткан эрежелерди да сактабай коюшканын кошумчалады.

"Италияда эмне болуп жатканын көрүп жатам. Кечээ биздин адистер Бергамодогу кары-картаңдар жаткан пансионаттардын биринде иштеп келишти. Ал жакта 120 улгайган адамдын ичинен 50сү көз жумган. Дагы 60ка чукулу коронавирус жуктуруп алган", — деген Семенов.

Акыркы маалыматтар боюнча, Италияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 124 миңден ашса, каза болгон 15 миңдей учур катталды. 20 миң адам айыгып чыккан.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (747)

Тема боюнча

Чек арадан өтө албай калган мекендештер Оренбургдагы мейманканага жайгаштырылды
Россияда коронавирусту аныктоочу дагы бир тест-система чыга баштады
Белгилер:
өлүм, вирус, коронавирус, Италия

ЭҢ МААНИЛҮҮ