22:12 30 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
390 0 0

38 жаштагы киши коронавирустан катуу жапа чеккен. Дарыгерлер аны жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырып, жубайына өлүп калышы мүмкүндүгүн эскертишкен.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Американын Огайо штатында COVID-19 вирусун жеңген 38 жаштагы Ник Браун аттуу киши ооруканадан чыгарда медиктерге жүрөк жылыткан кат жазып, палатанын эшигине чаптап кеткен. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Эркек киши коронавирустан катуу жапа чеккен. Дарыгерлер аны жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырып, жубайына Ник өлүп калышы мүмкүндүгүн эскертишкен.

Күн сайын аны дарылап жаткан медицина кызматкерлери дем берүү ниетинде эшиктин айнек бетине үйгө эртерээк сакайтып кетирерин жазып турушкан.

Вирусту жеңген Ник ооруканадан кетерде жооп жазып калтырып кеткен.

"Бул айнек менин жашоомдогу эң маанилүү нерсе болду. Күнүгө аркалаган ишиңердин оор экендигин көрүп, туюп турдум. Менин жана мага окшогондордун өмүрүн сактоо үчүн жан үрөгөнүңүздөр үчүн ыраазымын. Мен эми сиздерге мындай жардамды эч качан көрсөтө албасам керек. Билип жүрүңүздөр, сиздер чыныгы рок-жылдызы болуп саналасыздар", — деген ал.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Соңку маалыматтар боюнча вируска чалдыккандардын саны жер жүзү боюнча миллиондон ашты. Каза болгондордун саны 53 миңден көп, сакайып кеткендер 200 миңдей экени айтылууда.

Тема боюнча

Казакстанда 28 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды
Үй жаныбарлары таратпайт... Коронавирус тууралуу кызыктуу 10 факты
Белгилер:
оорукана, кат, бейтап, коронавирус, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ