Үй жаныбарлары таратпайт... Коронавирус тууралуу кызыктуу 10 факты

© AFP / NOEL CELISСитуация в Шанхае в связи с эпидемией коронавируса
Ситуация в Шанхае в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар үй жаныбарлары вирусту таратпай тургандыгын айтышты. Буга чейин иттен же мышыктан жукту деген факты каттала элек.

БИШКЕК, 3-апр. – Sputnik. Үй жаныбарлары коронавирусту алып жүрбөйт. Вирус 80 жаштан ашкандар үчүн абдан эле кооптуу жана кызамыкка караганда аз тарайт. Бул тууралуу ВВС жазды.

1. Орто эсеп менен алганда коронавирустун жаңы тибин жуктуруп алган адам 2ден 4 адамга чейин жуктурат. Бул сезондук гриппке караганда (1,3) көп, бирок кызамыктан (12+) төмөн. 

© REUTERS / NEXU Science CommunicationКоронавирус COVID-19
Үй жаныбарлары таратпайт... Коронавирус тууралуу кызыктуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус COVID-19

2. Түштүк Кореяда оорунун саны 30га жеткенге чейин кармап турушкан. Бирок "31-пациент" деген код берилген аял ооруну башкага таратары менен COVID-19га кабылгандардын саны 1200гө жеткен.

3. Аял динге өтө берилгендиктен жөтөлүп жана эти ысып жатканына карабастан, чиркөөгө барганын токтоткон эмес. Мунусу менен Корей бийлигинин айткандарын, салынган тыюуларын тоготпой койгон. Анын кесепети жалпы элге тийген.

Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуккандарды дарылаган врач: карантин сакталса вирусту 3-4 жумада жеңебиз
4. Ошентип, 10 күн ичинде Түштүк Кореяда вирус жуктургандардын саны 30дан 5000ге чейин жеткен.

5. COVID-19 алып келген өлүм саламаттыкты сактоо системасына түшкөн кыйынчылыктарга жана берилген медициналык жардамга жараша болот. Эгерде бул Германияда 0,3 пайызга жетсе, ал эми Италияда дээрлик 9 пайызды чапчыган. Учурда немец калкы оорунун алдын тездик менен алып, көптөрдүн өмүрүн сактап калды. Ал эми Италия азыркыга чейин азабын тартууда.

6. COVID-19 70 жаштан ашкандардан табылса, өлүм 5 пайыздан өйдө болору айтылган. Коронавирус 80 жаштан ашкандарга жукса, алардын ар бир онунчусу көз жумат дешти.

7. Андыктан дүйнө өлкөлөрүнүн бийлиги эпидемияны жайылтпоого аракет кылууда. Себеби адамдардын массалык түрдө ооруп калышы абдан зыяндуу экендигин айтып келишет. 

© REUTERS / Dado RuvicCOVID-19 70 жаштан ашкандардан табылса, өлүм 5 пайыздан өйдө болору айтылган
Үй жаныбарлары таратпайт... Коронавирус тууралуу кызыктуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 70 жаштан ашкандардан табылса, өлүм 5 пайыздан өйдө болору айтылган

8. Вирус адамга жукканда азыркыдай кооптуулук жараткан деңгээлде болду бекен? Же мутацияланып, адамдын организминде жатып алып, клеткаларга киргенге жөндөмдүү болуп кеткенби? Азырынча окумуштуулар буга жооп таба элек.

9. Эгерде вирус адамга жукканда эле ушундай кооптуу болсо, демек, дагы деле жаныбарлар дүйнөсүндө жашап жүрөт. Андыктан эртеби-кечпи, кишиге кайра өтүшү мүмкүн.

10. Дагы бир кызык учур – окумуштуулар үй жаныбарлары вирусту таратпай тургандыктарын айтышты. Буга чейин иттен же мышыктан жукту деген факты каттала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0