Филиппин президенти карантин учурунда тартип бузгандарды атып салууну буюрду

© AP Photo / Bullit MarquezПрезидент Филиппин Родриго Дутерте
Президент Филиппин Родриго Дутерте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча Филиппинде 2,3 миң адам коронавирус жуктуруп алса, 96 киши илдеттен көз жумду.

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Филиппин президенти Родриго Дутерте полиция менен куралдуу күчтөргө карантин учурунда каршылык акциясына чыккандарга карата ок чыгарууну буюрду. Бул тууралуу жергиликтүү Philippine Star гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Кесон-Сити шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү жергиликтүү бийликтен азык-түлүк талап кылып каршылык акциясына чыгышкан. Митингдин 20дан ашык катышуучусун полиция кармап кеткен. Бул окуядан кийин президент тартип бузгандарга ок чыгаруу чечимин кабыл алган.

"Полиция менен армияга менин буйругум... Силердин жашооңорго кооптуулук жараткан мушташ же башаламандык жаралса аларды (тартип бузгандар – ред.) атып салгыла", — деди Дутерте.

Анткен менен бейшемби күнү улуттук полициянын жетекчиси Арчи Гамбоа укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эч кимге ок чыгарбай турганын билдирди.

"Албетте, атпайбыз. Президент көбүртүп койду окшойт", — деди Гамбоа.

Акыркы маалыматтар боюнча Филиппинде 2,3 миң адам коронавирус жуктуруп алса, 96 киши илдеттен көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0