Жер сатылбайт! Крым Евробиримдиктин нааразычылыгына жооп берди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСевастополдагы "Графский" таянгыч. Архив
Севастополдагы Графский таянгыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, чет өлкөлүктөргө Крымдын аймагынан жер тилкелерине ээлик кылуусуна тыюу салуу жарым аралдагы ишкерлердин жигердүү болуп жанданышына жол ачат.

Чет элдиктерге жана чет жактын компанияларына Крымда жер тилкелерин сатып алууга салынган тыюуга Евробиримдиктин нааразы болууга себеби жок. Бул тууралуу Россия президентинин Крымдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн эл аралык укук маселелери боюнча жумушчу тобунун башчысы Александр Молохов айтты. Анын сөзүн РИА Новости келтирет.

“Биздин өлкө РФ президенти чыгарган жарлыктардын Евробиримдик тарабынан таанылышына муктаж эмес”, — деди Молохов.

Анын айтымында, чет өлкөлүктөргө Крымдын аймагынан жер тилкелерине ээлик кылуусуна тыюу салуу жарым аралдагы ишкерлердин жигердүү болуп жанданышына жол ачат.

Севастополь шаары, Крым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Крымдын Прибалтика тагдырын кайталарына ишенген АКШ. Узакка созулган күтүү
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин жарлыгы менен чет жактан келгендерге, жарандыгы жокторго жана чет өлкөлүк юридикалык тараптарга жер сатып алууга тыюу салынган аймактардын тизмесин кеңейткен болчу. Ага дагы Крымдын 11 району менен сегиз шаары кошулган.

Евробиримдик мындай кадамды “эл аралык гуманитардык укукту бузуу” деп атап, “бул жарлыкты тааныбай” турганын айткан. Билдирүүдө аталган документ Крымды Россиянын курамына мажбурлап киргизүүнүн дагы бир аракети деп белгиленген.

Ал эми Крым үчүн бул билдирүүнүн эч мааниси жок. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде саясат таануучу Владислав Ганжара билдирди.

“Бул тыюу Евробиримдикте, Украинада, АКШда кескин сынга кабылды. Жеке мени мындай реакция таң калтырууда, анткени тыюу Крымдын аймагында эле эмес, башка мамлекеттерде да бар, эл аралык укуктун талаптарына жооп берет. Азыркы кырдаалда бул жарлык Россиянын элин жана жер ресурсун коргоого багытталган. Калктын бакубат жашоосу үчүн өтө зарыл нерсе”, — деди Ганжара.

Ал Украина парламенти чет элдиктерге жер сатууга уруксат бергенин эске салып, европалыктар андан пайдаланып Крымдагы украиналыктарга таандык жерлерди алууга кызыккан болуш керек деп боолголоду.

“Коронавирус пандемиясынан улам украиналык депутаттар өлкө аймагында жерди ээн-эркин каалагандай сатууга жол ачкан мыйзам кабыл алышты. Жер украин элине тиешелүү жана мораторийден улам эч ким тийбей турган жападан жалгыз ресурс эле. Эми мамлекет колдо бар акыркы байлыгынан кол жууй турганын түшүнүп турабыз. Европалыктардын Крымдагы Украина жарандары ээлик кылган жер тилкелерине көз артып келгени да маалым болду. Бирок андай болбойт”, — деди саясат таануучу.
Жаңылыктар түрмөгү
0