ТИМ Пакистанда коронавирус жуктурган 3 кыргызстандыктын чоо-жайын айтты

© AP Photo / Muhammad SajjadПакистандын Пешавар шаарынын жашоочулары
Пакистандын Пешавар шаарынын жашоочулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тогуз жараны дааватта жүрүп, алардын ичинен 70, 69 жана 68 жаштагы үч киши коронавирус жуктуруп алган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистанда үч кыргызстандык коронавирус жуктурганын тастыктады.

Буга чейин бул туурасында аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыккан болчу.

Расмий маалыматка ылайык, Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында жүргөн Кыргызстандын 70, 69 жана 68 жаштагы жарандары COVID-19 жуктуруп алганы аныкталган.

Алдын ала маалыматка караганда, булардан башка дагы алты кыргызстандык жана Россиянын бир жараны дааватта жүрүшкөн.

“Учурда бирөө ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү бар. Андан дагы коронавирус аныкталган. Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы туруктуу”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинин консулдугунун каттоосунда жок жана жардам сурап кайрылышкан эмес.
Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, укук коргоо органдары менен дайыма байланышта болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0