Корком... Медайым COVID-19 жуктурган бейтаптардын көргөн азабын айтып берди

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЖеке лабораториянын дарыгери коопсуз медициналык бет капчан. Архив
Жеке лабораториянын дарыгери коопсуз медициналык бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медайым Саутгемптон ооруканасында иштейт. Ал жакка COVID-19 вирусунун акыркы стадиясына жетип калган 60 жаштан 90 жашка чейинки бейтаптар алып келинет.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Дарыгерлер коронавирус эпидемиясынын эртерээк бүтүшүн гана тилеп жатат. Анткени алар үчүн инфекцияны жуктуруп алгандардын жаны кейип көз жумгандарын көрүү оор. Бул тууралуу Улуу Британияда иштеген 19 жаштагы медайым Люси Хатчингс айткан.

Daily Mail медайымдын айткандарын жарыялады.

Маалыматка ылайык, медайым Саутгемптон ооруканасында иштейт. Ал жакка COVID-19 вирусунун акыркы стадиясына жетип калган 60 жаштан 90 жашка чейинки бейтаптар алып келинет.

"Бейтаптардын катуу кыйналып жатканы көздөрүнөн эле байкалат. Бирок өздөрү "баары жакшы" деп коюшат. Чындыгында андай эмес", — дейт медайым.

Хатчингстин айтымында, бул адамдар тарткан азапты карап туруу мүмкүн эмес.

"Корком. Менин оюмча, мындан да жаман болот окшойт. Сыягы, бул башталышы гана", — деп божомолдогон ал.

Медайым ооруканага түшкөн бейтаптардын саны көбөйгөндөн көбөйүп жатканын, бирок коргонуучу каражаттар жетишсиз экенин айтып нааразы болгон.

Ситуация в Бразилии по случаю коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
ДССУ коронавирустан сакайгандардын саны боюнча маалымат берүүсүн токтотту
"Кесиптештерим болуп жаткан окуядан чындап корко баштады. Бирок ишин улантууга аргасыз. Оорукана кызматкерлери жакынкы арада бул вирус менен жаш бейтаптар дагы көп түшөрүн эскертти", — деген медайым.

Хатчингс бул вирустан сактанып үйдө отургусу келерин, бирок анда мындай мүмкүнчүлүк жок экенин айтып өткөн. Медайым жарандарды бийлик айткан чараларды сактоого чакырып, коронавирус тамаша эмес экенин эскертти.

Ушу тапта Улуу Британияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 29 865ге жетти. Вирустан 2357 адам каза болуп, 179 киши гана айыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0