71 жаштагы ханзаада Чарльз коронавирустан айыкты

© AFP / BEN BIRCHALLУлуу Британия ханышасынын уулу ханзаада Чарльз. Архив
Улуу Британия ханышасынын уулу ханзаада Чарльз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык тактынын мураскери ханзаада Чарльздан бир апта мурда коронавирус табылган. Анын жубайы да текшерилип, бирок андан COVID-19 чыккан эмес.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Улуу Британия ханышасынын уулу ханзаада Чарльз коронавирустан айыкты. Бул туурасында Reuters агенттиги кабарлады.

"Дарыгер менен кеңешкенден кийин ханзаада Уэльский карантинден чыкты", — деп айтып берген аларга падышалык үй-бүлөнүн өкүлү.

71 жаштагы Уэльскийден аталган вирус 25-мартта табылган. Ал эми анын жубайы Камилла да анализ тапшырып, бирок андан чыккан эмес. Экөө элден обочолонуп, Шотландиядагы сепилге кеткен.

Коронавирусту аныктоо үчүн тест-система - Sputnik Кыргызстан
Россия коронавирусту аныктоочу жогорку тактыктагы жаңы тест чыгарды
"Ханзаада вирусту кимден жуктуруп алганын билүү мүмкүн эмес. Анткени ал өзүнүн милдетин аткарып, акыркы жумада көп иш-чараларга катышкан", — деп айтылган андагы маалыматта.

Бирок бир аздан кийин Монако князы Альбер II менен жолукканын жазышты. Себеби андан да COVID-19 табылган.

Бир нече күн өткөндөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун коронавирус жуктуруп алганы боюнча кабар тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0