Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамп. Архив
Россия лидери Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки президент мунай затынын дүйнөлүк баасы боюнча пикир алышып, энергетика министрлеринин деңгээлиндеги кеңешүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашкан.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу кооптондурган коронавирустун дүйнөгө таркап жатканы боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Мунай казуу станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай согушу. Вашингтон табуну бузуп, кепке келе баштаганда
Андан сырткары, бул коркунучка каршы турууда көрүлүүчү чаралар туурасында бири-бирине маалымат берип, ой бөлүшкөн.

Эки президент мунай затынын дүйнөлүк баасы боюнча пикир алышып, энергетика министрлеринин деңгээлиндеги кеңешүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашканы кабарланды.

Алар жеке байланыштарды улантып турууну да сүйлөшкөн.

Буга чейин Трамп Fox News телеканалынын эфиринде Путин менен мунай затынын баасын, соода жана коронавируска каршы күрөшүү жаатында сүйлөшө тургандыгын айткан эле.

“Россия менен ынтымакта болуу - жакшы”, - деген ал.

Трамптын айтымына караганда, мунай затынын баасынын төмөндөп кетиши Москва менен Эр-Рияддын ортосундагы “согуштун” кесепети болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0