Бир айлык запас керек. Адис үй карантинин туура пайдалануунун жолун айтты

© AFP / FEDERICO PARRAАзык-түлүк жыйнап жаткан аял. Архив
Азык-түлүк жыйнап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Азыр бул аймактардагы жашоочулар өтө зарыл болгон учурда гана үйүнөн чыга алышат.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы, үй карантини, өзгөчө абал сыяктуу учурларда үйдө сөзсүз бир айга жетчү тамак-аш жана өтө зарыл каражаттардын камы болушу керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү боюнча америкалык адис, спецназдын мурдагы командири Микел Хок айтып берди.

Адис үй изоляциясына туура дайындануу, ал учурду пайдалуу жана татыктуу өтүү жолдору боюнча бир нече кеңеш берген.

Мисалы, запас даярдап жатканда бир гана тамак-ашка эмес, тазалоочу жана дары каражаттарына дагы көңүл буруу маанилүү экенин айтты.

"Тамак-аштын көпкө сактала турганын алуу керектигин көпчүлүк билет. Ошондо дагы тоюмдуу, үй-бүлө мүчөлөрү кынтыксыз жей турганына көңүл буруу керек. Мындан тышкары, дары-дармек жана тазалоочу каражаттарды унутпоо зарыл. Албетте, дарыны каалаган учурда дарыканадан алып алабыз деген түшүнүк бар. Бирок дүйнө туруктуу болбой турган учурда сизге керектүү дары жакын жердеги дарыканада болот деп эч ким кепилдик бере албайт", — деди Хок.

Ошондой эле ал автоунаанын тетиктерин текшерип, толтура май куюп алуу зарылдыгын айтат.

Адис ошол эле учурда түзүлгөн жагдайдын жакшы жактарын көрө билүүгө чакырат.

Аял менен баласы китепти окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик ата-энелерди балдары менен бирге китеп окууга чакырууда
"Бош убакыт көп. Демек, китеп окууга, спорттук көнүгүүлөрдү жасоого, үй тазалоого, балдар менен ар кандай оюндарды ойноого болот. Кымгуут жашоодо мунун баарына убакыт тартыш эле го?" — деди адис.

Мындан тышкары, ал карантин бул жаңы нерселерди өздөштүрүүнүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн учуру экенин кошумчалады.

Анын айтымында, эң негизгиси — оптимисттик маанай жана кырдаалды туура анализдей билүү.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Азыр бул аймактардагы жашоочулар өтө зарыл учурда гана үйүнөн чыга алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0