Көздү сакта! Дарыгерлер коронавирустун жаңы симптомун аташты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКоронавируска анализ алуу. Архви
Коронавируска анализ алуу. Архви - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ дарыгерлери кытайлык ак халатчандардын COVID-19 менен ооруп, конъюнктивит да аныкталган 30 бейтабы боюнча маалыматына таянуу менен изилдөө жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Американын Офтальмология академиясынын дарыгерлери коронавирустун бирден-бир симптому конъюнктивит болушу мүмкүндүгүн айтып чыгышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

АКШ дарыгерлери кытайлык ак халатчандардын COVID-19 менен ооруп, конъюнктивит да аныкталган 30 бейтабы боюнча маалыматына таянуу менен изилдөө жүргүзүшкөн.

Адистердин дагы бир иликтөөсүндө Кытайдагы 1099 бейтаптын 19унда конъюнктивит аныкталганы айтылат. Маалыматтар өлкөдөгү 30 ооруканадан топтолгон.

Алар көздүн оорусуна бир гана COVID-19 себеп эместигин белгилешкен. Анткен менен офтальмологдор кишиде коронавирус бар экендигин биринчилерден болуп билүүсү мүмкүн деген бүтүмгө келишкен.

Коронавирус тууралуу

Стамбул шаарындагы базадры дезинфекциялап жаткан кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Түркия: коронавирус жуктургандар 6 миңге чукулдап, авиакаттам токтоду
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жер жүзү боюнча ага кабылгандардын саны 597 072 болду. Өмүрү менен кош айтышкандар — 27 360, айыккандар — 131 698ге чамалап барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0