РФтеги элчилик: 300дөн ашуун кыргызстандык мекенге кайтууну күтүп жатат

© REUTERS / SERGEY PIVOVAROVМедициналык кызматкерлер коронавируска текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкерлер коронавируска текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик 17-марттан 24-мартка чейин транзиттик зонада калып калган жана мурда рейстери токтотулган жүргүнчүлөргө авиарейстерди уюштуруп, миңдеген кишини үйүнө кайтарган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиядан 300дөй кыргызстандык мекенге учууга камынып жатканын Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдындагы коронавирус менен күрөшүү боюнча штабы билдирди. 

Ага ылайык, штаб Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу иштерин улантып жатат.

"Бүгүн Шереметьево аэропортунан 40 киши учканы турат. Транзиттик зонада дагы 14 киши бар. Толмачев (Новосибирск) аба майданында эки жүздөй кыргызстандык авиарейсин күтүүдө. Россия-казак чек арасындагы дагы 90дон ашык киши бар. Штабдын өкүлдөрү аларга жеринен жардам берип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Медициналык кызматкер ооруканадагы жумуш учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы кыргыздар коронавируска чалдыкса каяктан дарыланат? Өкмөттүн жообу
17-марттан 24-мартка чейин транзиттик зонада калып калган жана мурда рейстери токтотулган жүргүнчүлөргө авиарейстер уюштурулуп, миңдеген киши үйүнө кайткан.

Россиядагы Кыргызстандын элчилиги күнү-түнү иштеп жатканын, штаб мүчөлөрү аэропорттордо нөөмөттө турганын эскертти.

Эгер кандайдыр бир суроолор жаралып калса, +7 499 238 50 69, +7 499 237 33 04, +7 925 103 29 11 (вотсап) телефондору аркылуу байланышса болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0