Песков коронавирус Путиндин жашоосун кантип өзгөрткөнүн айтып берди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОфициальный визит президента РФ В. Путина в Монголию
Официальный визит президента РФ В. Путина в Монголию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда коронавирус жуктургандардын саны 58 аймакта 1036га жетти. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 465 миң адам вируска кабылса, 21 миңден ашыгы көз жумду.

БИШКЕК, 27-мар. – Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирус жайылгандан бери Владимир Путиндин жашоосу кандайча өзгөргөнүн айтып берди.

"Албетте сөз кошумча коргонуу чаралары тууралуу болуп жатат. Ошол эле санитардык эрежелердин сакталышы. Айрыкча узакка созулган иш графиги учурунда тартип бекем сакталат", — деди Песков.

Медициналык кызматкер ооруканадагы жумуш учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы кыргыздар коронавируска чалдыкса каяктан дарыланат? Өкмөттүн жообу
Ал ошондой эле президент кырдаалга байланыштуу ишин токтотуп койбой, мурдагыдай эле жумуш үстүндө экенин кошумчалады. Президент менен жолуга турган адамдардын бардыгы сөзсүз түрдө коронавируска алдын ала тест тапшырары дагы кабарланды

Эске салсак, Россияда коронавирус жуктургандардын саны 58 аймакта 1036га жетти. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 465 миң адам илдетке кабылса, 21 миңден ашыгы көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0