Россиядагы кыргыздар коронавируска чалдыкса каяктан дарыланат? Өкмөттүн жообу

© REUTERS / FLAVIO LO SCALZOМедициналык кызматкер ооруканадагы жумуш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер ооруканадагы жумуш учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Россияда 1036 адам коронавируска кабылганы белгилүү болду. Жуктургандардын басымдуу бөлүгү Москвадан чыгып жатат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россияда эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандары коронавирус жуктуруп алса, ошол жакта калып дарыланат. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Бүгүнкү күндө Россияда 1036 адам коронавируска кабылганы белгилүү болду. Жуктургандардын басымдуу бөлүгү Москвадан чыгып жатат.

Бул мамлекетте расмий маалымат боюнча Кыргызстандын 700 миңге чукул жараны эмгектенет. Мындан улам айрым мигранттар жагдай тууралуу сурап берүүнү өтүнүп Sputnik Кыргызстанга кайрылган.

“Россияда жүргөн кыргызстандыктардан коронавирус аныктала турган болсо, ошол өлкөнүн ооруканасына жаткырылат”, — деп жооп берди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Ситуация в Казахстане с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда коронавирустан көз жумган аялдын эки өпкөсү тең жабыркаган
Кыргызстанда азыркы тапта 58 адам коронавирус жуктурган. Бүгүн эле бир жаштан 68 жашка чейинки 14 адамдан COVID-19 аныкталганы кабарланды. Алардын ичинен бешөө Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгендер, калганы өлкө ичинен эле жуктуруп алган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0