Коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Путин сунуштаган чаралар

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммиттин катышуучуларынын көбү пандемияны жеңүүгө, адам өмүрүн коргоп, жумуш орундарын, жарандардын кирешесин сактап калууда жана жардамга муктаж бардык өлкөлөргө көмөк көрсөтүү үчүн болгон аракеттерин жумшай турганын айтышты.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Владимир Путин дүйнө лидерлеринин онлайн режиминде өткөн G20 саммитинде коронавируска каршы күрөшүүдө кандай чараларды көрүү керек экенин айтты.

Саммитке Сауд Аравия жетекчилик кылды.

Путин сунуштаган чаралар:

  • Эл аралык валюта фондунун алдында атайын фонд түзүп, андагы каражатты ар бир мүчөгө өздөштүрүү укугун берүү;
  • Коронавирустан жапа чеккен экономиканы кайра калыбына келтирүү үчүн жалпы план иштеп чыгуу;
  • Соода согушу жана санкцияларга көз каранды болбогон "жашыл коридор" түзүү;
  • Коронавируска тест кылууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөргө жардам берүү үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна көмөк көрсөтүү;
  • Элге эң керектүү товарларды чектөөгө мораторий киргизүү;
  • Коронавирус гуманитардык маселе болгондуктан эч кандай саясат болбошу керек.

Казакстандын медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда коронавирус жуктуруп алган аял каза болду
Путиндин айтымында, коронавируска байланышкан көйгөйлөр 2008-2009-жылдары келген каатчылыктан да масштабдуу болот. Мындан улам дүйнө лидерлери биригип, болгон күчүн вакцинанын эртерээк жасалышына күч жумшоосу керектигин белгиледи. Ошондой эле пандемия узак убакытка чейин жумушсуздукка алып келерин кошумчалады.

Онлайн режиминдеги саммиттин жыйынтыгында дүйнө лидерлери жыйынтыктоочу билдирүү жасап, көбү пандемияны жеңүүгө, адам өмүрүн коргоп, жумуш орундарын, жарандардын кирешесин сактап калууда жана жардамга муктаж бардык өлкөлөргө көмөк көрсөтүү үчүн болгон аракеттерин жумшай турганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0