Тарыхта биринчи жолу дүйнө лидерлери онлайн-саммит өткөрүп жатат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүG20 онлайн саммитине катышып жаткан Россиянын президенти Владимир Путин
G20 онлайн саммитине катышып жаткан Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
G20 деп аталган саммитке быйыл Сауд Аравия жетекчилик кылып жатат. Саммиттин темасы — COVID-19 пандемиясы жана анын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Тарыхта биринчи жолу дүйнө лидерлери онлайн режиминде саммит өткөрүүдө. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

G20 саммитине быйыл Сауд Аравия жетекчилик кылууда. Биринчи сөз падыша Сальман бен Абдель Азиз Аль Саудга берилгенин "Аль-Арабия" билдирди.

Ал сүйлөп жаткан учурда өлкө башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн иш бөлмөлөрүндөгү монитордон ага көз салып турушту.

"Коронавирус пандемиясына каршы туруу үчүн дүйнөдөгү ири экономикалык өлкөлөрдүн лидерлери катары жолугуп жатабыз. Жолугушууда биз чечкиндүү чараларды кабыл алышыбыз керек", — деди падыша.

Владимир Путин саммитке Ново-Огарево резиденциясындагы өзүнүн иш бөлмөсүнөн кошулду. Анын жанында каржы министри Антон Силуанов жана президенттин эксперттик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Светлана Лукаш бар.

Россия лидери көлөмдүү папка ала келген. Жолугушуунун алдында ал кагаздарын жайып, караган. Президенттин столунун үстүнөн чөйчөк чай жана синхрондук котормону көрүүгө болот.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков өлкө башчыларынын саммити жабык форматта өтөрүн айткан. Саммит канчага чейин созулары белгисиз. Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар биргелешкен билдирүү жасашары күтүлүүдө.

Шанхайская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан
2008-жылдагы кризистен да оор каатчылык күтүлөт. Дүйнөлүк соода уюмунун божомолу
G20 саммитине Испания, Иордания, Сингапур жана Швейцария кошулган. Вьетнам жыйында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясын көрсөтсө, Түштүк Африка республикасы — Африкалык биримдик, Бириккен Араб Эмираты — Персид булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтыгы кеңешинин, ал эми Руанда — "Африканы өнүктүрүү кызыкчылыгы боюнча жаңы өнөктөштүктүн" атынан катышууда.

Эл аралык уюмдар БУУ, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Эл аралык эмгек уюму, Дүйнөлүк банктын тобу, Каржылык туруктуулук кеңеши жана Эл аралык валюта фонддорун көрсөтүүдө.

Саммиттин темасы — COVID-19 пандемиясы жана анын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири.

Саммиттин алдында катышуучуларга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш кат менен кайрылган. Ал G20 лидерлерине пандемияга каршы күрөшүү үчүн тез арада чара көрүү зарылдыгын айткан. Ошондой эле ал чек араларда жүк ташууга коюлган чектөөнү алып салууну суранган. Айтымында, бул чектөө медициналык жабдуу жана дары-дармектерди жеткирүүгө тоскоолдук жаратууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0