19:15 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
8710

АКШ Афганистандан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетмекчи. Бирок талибдер менен түзгөн тынчтык макулдашуусу Ислам Республикасындагы согуштук аракеттердин, жарандык согуштун жаңы түрмөгүн, Борбор Азиядагы террордук коркунучтун күчөткүчү гана катары болуп калды.

Бул туурасында биздин өнөктөш РИА Новости агенттигинин саясий баяндамачысы Александр Хроленко ой толгойт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 23-мартта Афганистандын борбор шаарына мурда жарыяланбаган сапары менен Афганистандын президенти Ашраф Гани жана анын саясий каршылашы Абдулла Абдулла менен жолугушуу үчүн келген. "Талибандын"* жетекчилиги менен мүмкүн болгон байланышты маалымат каражаттарына айтышкан жок, бирок өлкөнүн провинцияларынын көпчүлүгүндөгү өкмөттүк куралдуу күчтөр менен талибдердин ортосундагы согуштук аракеттердин жанданышы — Помпеонун тынчтык орнотуучу сапарынын башкы себеби.

Аргасыз жагдай

"Ички саясий диалогдун" жүрүшүндөгү тынымсыз атышуу Афганистандан АКШ Куралдуу күчтөрүн чыгарууга жолтоо кылат, бирок "Талибан"* менен макулдашуунун алкагында каралган бир нече миң талибдин абактан бошотулушу өлкөдөгү тынчтыкка салым кошпойт.

Вашингтондун бул тапкан аргасынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, баарына каршы баарынын согушу уланууда. Мындан улам Майк Помпео Кабулга каржылык жардамын быйыл 1 миллиард долларга, келерки жылы да ушундай эле суммага кыскартарын билдирди.

"Доллардын күчү" менен тирешкен эки тарапты мындай ачык (афган менталитети үчүн мазактагандай) тынчтыкка мажбурлоо ислам республикасындагы оор абалды ого бетер курчутушу ыктымал. Экинчи жагынан мамлекеттик катчынын катуу билдирүүсү АКШнын тарыхындагы эң узакка созулган согушту бүтүрүүнүн көйгөйлүү экенин айгинелейт. Афганистан кое бергиси жок.

Ал ортодо ишембиде Кундуз түндүк афган провинциясынын аймагында талибдер өкмөттүк күчтөрдүн 7 көзөмөл пункттарына чабуул койгон. Натыйжада эки аскер набыт болуп, ал эми жекшемби күнү Парван провинциясындагы Баграмдагы АКШ авиабазасы ракеталык чабуулга кабылган. Ага жоопкерчиликти "атаандашкан" "Ислам мамлекети"* тобу өз мойнуна алган.

Забуль провинциясында 20-марттагы талибдер менен болгон салгылашта 20дан ашуун аскер жана полиция кызматкери курман болуп, анан калса кол салган тарапка коопсуздук кызматынын бир нече кызматкери өтүп кеткен. Каписа провинциясында ошол эле күнү "Талибандын"* согушкерлери көзөмөлдөөчү пунктка чабуул коюп, жети полиция кызматкери жана кошуунчу окко учкан. Кабулда 20-мартта талибдер тарабынан армиялык атайын дайындоодогу бөлүгүнүн командири Абдул Кадир өлтүрүлгөн. Афганда Нооруз майрамы ушундай шаңы жок белгиленди.

Кайталанма "жомок"

Бир аз мурда АКШ президенти Дональд Трамп талибдер тарабынан келишим бузулган шартта Афганистанга америкалык күчтөрдү кайра кайтарарын айтып коркуткан, бирок башкы максат – калыш эмес, кетиш экени баарына түшүнүктүү.

Пентагондун кабыл алынган чечимдери жана логистика тутумунун инерциясына караганда жакын арада кайтуу технологиялык жактан мүмкүн эмес. Афган Ислам Республикасындагы америкалык базалардын бир тобунун иши эбак токтотулган, тейлөөчү персонал кыскартылган, бюджеттик чыгымдары каралган эмес. Ошондуктан Афганистандын коргоо министринин милдетин аткаруучусу Асадулла Халид катуу билдирүүлөрдү айткан эмес, ал тек гана 19-мартта талибдерге каршы операцияларды кайра жандандырууга буйрук берген.

Вашингтондун көз карашы боюнча болуп жаткан окуяларга афгандыктардын өздөрү күнөөлүү. Анын үстүнө Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла экөө тең өздөрүн мыйзамдуу шайланган президент катары эсептешет, ок алдында экөө тең инаугурация уюштурат, алар баары бирге (Гани, Абдулла жана талибдер да) америкалыктардын кебине кулак төшөбөйт.

Майк Помпео "өтө зарылдыгына" карабай Гани менен Абдулла инклюзивдик өкмөт куроого макул болбогонун билдирген. АКШ мамлекеттик катчысы: "Жетекчиликтин бул катасы америкалык улуттук кызыкчылыктарга түз коркунуч келтирет", - деп белгилеген. Кабул уюшкандык жана байланыштын жоктугунан гана улам миллиард америкалык долларынан куру калды.

Өз кезегинде талибдер өткөн аптада Кошмо Штаттарды кыймылдын туткундалган (абактагы) согушкерлерин бошотуу милдеттенмелерин жана афган өкмөтү менен сүйлөшүү комитетин түзүү боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгына айыптаган.

Жылыш бар. Айрыкча америкалык тарап жана Катар (Помпеонун сапарына чейин) онлайн-режимде Кабул менен "Талибандын"* ортосунда камактагы согушкерлерди бошотуу боюнча алгачкы техникалык сүйлөшүүлөрдү уюштурушкан.

Талкуунун борборунда миңдеген талибдер бул уюмга мүчө болушунан улам эмес, колуна курал көтөрүп өз өлкөсүнүн мыйзамдуу бийлигине каршы чыккандыгы үчүн түрмөгө түшүшкөн. Алардын арасынан 280и шейит курун тагынган жанкечти болгон. Согушкерлерге жапырт мунапыс берилиши террордук топтордун активдүүлүгүнүн өсүшүнө жана 2020-жылдын жайы "аптаптуу" болушуна алып келери мыйзам ченемдүү. Өлкөдө жумуш жетишсиз, колго автомат алып акча тапкан жеңил болот.

Башка аргасы жок

Көз жеткен келечекте эл аралык терроризм Афганистан жана ага чектеш өлкөлөр үчүн стратегиялык коркунуч бойдон калууда. Камактагы 5 миң согушкерди бошотуу талабын афгандар аралык диалогдун негизи кылган АКШнын 29-февралдагы "Талибан"* менен болгон тынчтык макулдашуусу аймак үчүн келечекте чоң коркунуч туудурат.

Америкалыктар Афганистанды аныгында өлкөнү чыңдоого жөндөмсүз талибдерге таштоодо. Талибдер үчүн расмий Кабул – бардык балээ үйүлгөн жер, 14 айда эч ким миңдеген согушкердин көп жылдык жек көрүүсүн өзгөртө албайт. Чындыгында талибдердин ар кошкон кыймылынын мамлекеттик түзүлүш боюнча программасы жок. Эгер тарыхтагы аналогдорун карап чыксак, ИМ* лидерлери Ирак жана Сирия аймактарында террордук уюмду кандайдыр "халифатка" айландырууга бир нече ирет аракет кылышкан, бирок чагыбызда, андай жалган мамлекеттик формация узакка жашашы мүмкүн эмес.

"Талибан"* кыймылынын лидерлеринин бири Сираджуддин Хаккани "Нью-Йорк Таймс" басылмасындагы "Биз, талибдер, эмнени каалайбыз?" деген аталыштагы макалада АКШнын катыштыгы менен бүтүндөй Афганистандагы тынчтык орнотуу тууралуу, бирок эч бир жеринде ислам республикасынын расмий өкмөтүн атабастан жазган.

Мында дароо өлкөнүн президенттеринин бири Мохаммад Наджибулланын кайгылуу тагдыры эске түшөт, ал чын дили менен өлкөдөгү бардык моджахеддер менен элдешүүгө тырышып, оппозициялык партияларды мыйзамдаштырган, аларды өкмөткө киргизген, бирок аларга бул да аздык кылган. Талибдер 1996-жылы Наджибуллага ырайым кылышкан эмес. 2020-жылы тарых кайталанып, андай тагдырга башкалар да кабылышы мүмкүн, бирок Афганистанда тынчтык орноп кетпейт. Демек жарандык согуш уланышы ыктымал.

"Атаандашкан" ИМ* тобунан айырмалана, талибдер кеңири экспансияны пландап, Афганистанды жана чектеш аймактарды көзөмөлгө алгысы жок. Ошентсе да кыймыл өтө эле аргын, таасирдүү эки: афган жана пакистандык бутагы бар. Өз кезегинде жер-жерлерде кыймыл структуралык өзгөчөлүктөргө ээ, бөлүктөрү экстремизм даражасы менен айырмаланат.

Кландардын ички атаандаштыгы "нукура" аскердик-диний кыймылдын майда криминалдык бирикмелери менен биригип кетишине алып келгени чанда эмес. Мындай кайнаган казанда туруктуулуктун азыноолак да белгиси байкалбайт. Анан калса, "Талибандын"* катарында Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандан чыккан миңдеген согушкерлер бар. Ошондуктан "жарылуу" коркунучу бүтүндөй борборазиялык аймакта сакталуу жана күч алып барат.

* — РФте тыюу салынган террордук топтор

Белгилер:
тынчтык, экономика, согуш, АКШ, Афганистан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ