Окумуштуулар коронавирусту 5 мүнөттө аныктаган тест түзүштү

© AFP / FRANK PERRYЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы күндөгү методика үч сааттай убакытты талап кылат. Адамдын дене табын өлчөөгө эле көп убакыт кетет.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Сингапурдун окумуштуулары коронавирусту беш мүнөттө аныктоочу экспресс-тест чыгарышты. Бул тууралуу The Straits Times гезити Илим, технология жана изилдөө агенттигине шилтеме берип жазды.

Азыркы күндөгү методика коронавирусту аныктоо үчүн үч сааттай убакытты талап кылат. Адамдын дене табын өлчөөгө эле көп убакыт кетет.

Ведомствонун алдындагы лабораториянын жетекчиси Жеки Индин айтымында, Cepat тести бир айдан кийин массалык түрдө колдонула баштайт.

"Клиникалык тажрыйба толугу менен аяктады. Ага ылайык, тест эң жогорку сапатта", — деди эксперт.

Бүгүнкү күндө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 403 868, алардын 100 миңден ашыгы сакайып кетсе, 18 миңи көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0