БУУ G20 уюмуна санкцияларды жоюп салууну сунуштады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүG20 уюмунун логотиби. Архив
G20 уюмунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта дүйнөдө COVID-19 вирусуна 422 652 адам кабылды. Алардын ичинен 108 340ы сакайып кетсе, 18 901и каза тапты.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш G20 уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлерине кайрылып, коронавирус пандемиясына байланыштуу дары-дармек жана зарыл болгон товарлар оңой ташылуусу үчүн санкцияларды токтотууну сунуштады. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.

"Мындай кадам дүйнө элдери менен тилектештиктин белгиси болмок. Азыр обочолонуунун эмес, тилектештиктин мезгили", — деген башкы катчы.

Ситуация в Алжире из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Чагылгандай! ДССУ коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарап жатканын айтты
Ошондой эле Гутерриш G20 уюмунун коронавирус боюнча 26-март күнү онлайн-саммит өткөрүүсүн колдой турганын билдирди. Анын айтымында, учурда дүйнө ушул 20 өлкөнүн чечимин күтүп жатат.

"Кырдаал аскердик режим сыяктуу мурда биз көрбөгөн чараларды кабыл алууну талап кылып жатат", — деди ал.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта дүйнөдө COVID-19 вирусуна 422 652 адам кабылды. Алардын ичинен 108 340ы сакайып кетсе, 18 901и каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0