Коронавирус тууралуу ылгабай маалымат топтогондор стресске кабылары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдаманы дезинфекциялап жаткан Тазалык кызматкери. Архив
Аялдаманы дезинфекциялап жаткан Тазалык кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис жалаң эле жаңылык күтүп отура бербей, көңүлдү башка нерсеге бурууга үндөйт. Мисалы, көптөн бери убакыт жетпей жүргөн китептерди окуу, тасмаларды көрүү адамды сергитет.

БИШКЕК, 25-мар. – Sputnik. Көпчүлүк адамдар ушул тапта коронавирус тууралуу оголе көп маалымат ала берип стресске кабылып, иммундук системасын алсыратып алышы мүмкүн. Бул тууралуу Москва шаарынын психоанализ институтунун окутуучусу, психолог Евгений Головиновго шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЖМК, социалдык тармактар, тааныштар аркылуу болушунча көп маалымат билгиси келгендер, акырында ошончо маалыматты анализдей албай, организми стресске кабылат. Жыйынтыгында, адам жалаң өлүм, коркунуч сыяктуу маалыматтарды гана көрүп, өзү сезбей, башкаларын көз жаздымда калтыра берет.

"Андыктан азыркы коронавирус пандемиясы сыяктуу катаал учурда көзгө көрүнгөн маалыматтардын баарын окуй бербей, расмий органдардын, ишенимдүү, кадыр-барктуу ЖМКлардын айтканына гана ишенүүгө чакырабыз. Социалдык тармактарда көбүнесе коомду толкуткусу келген фейктер негатив жаратууга аракет кылат. Алардан оолак болуңуз", — деп сунуштайт психолог.

Мындан тышкары, адис жалаң эле жаңылык күтүп отура бербей, көңүлдү башка нерсеге бурууга үндөйт. Мисалы, ар кандай хобби же көптөн бери убакыт жетпей жүргөн китептерди окуу, тасмаларды көрүү дагы адамды сергитет.

Жаңылыктар түрмөгү
0