COVID-19. Медициналык спецназ. Россиянын Италияга көрсөткөн жардамы

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүИталияга жөнөтүлүп жаткан Россиянын медицина спезназынын аскерлери. Архив
Италияга жөнөтүлүп жаткан Россиянын медицина спезназынын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын аскердик-медициналык десантынын COVID-19 коронавирус пандемиясынын европалык очогундагы кесипкөй жана өз жанын аябаган аракети — планеталык масштабда оор көйгөйлөрдү чечүүдө дүйнөлүк коомчулукка зор үлгү.

Россиялык аскердик адистер жана медициналык жабдуулар менен Ил-76 учактары Италияга коронавируска каршы күрөшүүгө түздөн-түз көмөк көрсөтүү үчүн 23-марттан тарта Римден 30 чакырым аралыктагы "Практик де Маре" авиабазасына коно баштаганын жазат Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.

Россия Италияга аскердик вирусолог адистердин жана медиктердин 8 ыкчам бригадасын, дартты аныктоочу аппаратура, транспорт жана аймактарды аэрозолдук дезинфекциялоочу автомобилдик комплекстерин жана башка медициналык жабдыктарды жеткирүүдө.

“Медициналык спецназдын” курамында РФ Коргоо министрлигинин вирусология жана эпидемиология тармагындагы эпидемияга каршы күрөштө эл аралык кыйла тажрыйбага ээ 100 чакты алдыңкы адис бар.

Россия коронавирус менен күрөштө Италияга жардам берет - Sputnik Кыргызстан
Россия коронавирус менен күрөштө Италияга жардам берет
Россиялык десант бардык зарыл медициналык препараттар, заманбап жабдуу жана атайын техника менен камсыздалган. Аларды пайдалануу райондорун италиялык тарап менен макулдашуу чараларына жараша россиялык аскердик медиктер жана вирусологдор коюлган максаттарды ишке ашырууга киришет.

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысы Владимир Путиндин тапшырмасы менен РФ Коргоо министрлиги коронавируска каршы күрөшүүгө Италия республикасына берилчү жардамды ыкчам жеткирүү үчүн курамында тогуз Ил-76 ВТА учагы камтылган авиациялык топ түзгөн.

Бул аба көпүрөсү Италиядагы коронавирус эпидемиясына каршы күрөштүн жүрүшүндө дайым аракетте болушу мүмкүн. Россиялык адистер чоң жана өтө кооптуу ишти аткарышмакчы. 22-мартка карата маалыматтарга таянсак, Италиядагы бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 59 138 кишини түзгөн. Бир суткада 651 киши каза таап, жалпы COVID-19 оорусунун курмандыгы 5 476 адам болду.

Күч жана каражат

21-марттагы телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россия президенти Владимир Путин жана Италиянын Министрлер кеңешинин төрагасы Жузеппе Конте коронавирус пандемиясынын тегерегиндеги кырдаалды жана ага каршы чараларды талкуулашкан.

Италиялык тараптын кайрылуусуна жооп катары Путин керектүү көмөктү көрсөтүүгө даяр экенин тастыктаган. Россиянын позициясы мында пандемияга каршы күрөшүүдө Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрүнүн бири-бири менен катташпай жана обочолонууга өтүү кадамдарынан кескин айырмаланат.

Ил-76 учагынын алгачкысын Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо жана Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Энцо Вичерелли "Практик де Маре" авиабазасынан тосуп алып, “жалпы италиялык элдин атынан ушундай кыйын кезеңде берилген россиялык жардам үчүн терең ыраазычылык жана канааттанууну” билдиришкен.

Бул жардам чын көңүлдөн берилди, анткени европалык коңшулары Италияга каражат жагынан каралашуу боюнча да көпкө чейин дым дебей туруп алды.

Ситуация в Японии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Сабыр кылуу — айыгуунун башталышы. Япониядан жазылган дубай салам
Италияга тышкы жардам өтө зарыл, себеби республикада саламаттык сактоонун 4824 кызматкери илдетке чалдыкты, бул көрсөткүч вирус алгач тараган Кытайга караганда эки эсе көптүк кылат. Бирок иштин баары тескерисинче жүрөт. Италияга көмөк катары Кытай Эл Республикасы тарабынан жөнөтүлгөн бет кап жана респираторлордун партиясы чехиялык бийлик тарабынан тартып алынды. Чехия тарап дал ошол санда коргонуу каражаттарын жиберүүнү убада бергени да анык.

Түндүк атлантикалык альянс үндөбөйт. Италияга вирусолог жана медициналык жабдуулар менен бир нече россиялык аскердик учактар жөнөтүлгөндөн кийин италиялык өкмөт Пентагонго да жардам сурап кайрылган.

Италиянын коргоо министри Лоренцо Гуэрини АКШнын Коргоо министрлигинен жасалма дем алдыруучу аппараттарын жана медициналык бет каптарды сураган. Рим ошондой эле Италияда жайгашкан АКШ куралдуу күчтөрүнүн курамындагы америкалык аскердик медиктердин көмөгүнө да үмүт артууда. Вашингтон тараптан ыкчам жооп болбоду.

Тогузунчу россиялык Ил-76 учагы 23-мартта Италияга барып конду. Аскер жана медиктердин тобу бардык зарыл жабдуусу менен жеткирилди. Транспорттук жана аймактык аэрозолдук дезинфекциялоо үчүн КамАЗ базасындагы мобилдик комплекстер Италиянын өтө көп жабыркаган райондоруна бет алды. Россиядан тышкары, эпидемия менен күрөштө италиялыктарды мамлекеттик деңгээлде Венесуэла, Кытай жана Кубанын медициналык топтору гана колдоодо.

Россия уникалдуу адистерин, медициналык препараттарды жана атайын техниканы жөнөтүү менен биринчи кезекте Италия менен эпидемия жана Эбола лихорадкасы, сибирь жарасы жана башкалар өңдүү өтө кооптуу оорулардын күч алышына каршы күрөштөгү аскердик-медициналык ийгиликтүү жеке тажрыйбасы менен бөлүшөт. Италияда да россиялык адистер белгисиз тарабы арбын вируска каршы күрөшүүдө жаңы, баалуу, келечекке багытталчу тажрыйба топтой турганы турулуу иш.

Медициналык спецназ (Атайын дайындоодогу медициналык бөлүк)

Россиялык дарыгер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда коронавируска каршы вакцина жаныбарларга сынала баштады
Италиядагы россиялык адистердин тобунун дээрлик бүт курамы — дүйнөлүк деңгээлдеги аскердик вирусолог жана медиктердин каймактары. Россиянын “медициналык спецназын” жетектеген генерал-майор Сергей Кикоть атайын даярдалчу акыркы үлгүлөр тутумун иштеп чыгуучулардын алдыңкы сабында жана аларды колдонуу боюнча эксперт. Сибирь жарасы күч алгандагы оор эпидемиялык шарттарда, эпидемиялык капсалаңдардын кесепетин жоюуда иш тажрыйбасы чоң.

Эпидемиолог, алдыңкы окумуштуу, медициналык илимдердин кандидаты, полковник Алексей Смирнов эпидемиология жана актуалдуу инфекциялык илдеттердин алдын алуу боюнча 70тен ашуун илимий иш жазган. Эбола лихорадкасына каршы вакцинаны иштеп чыгууга активдүү катышкан.

Медициналык илимдердин кандидаты, полковник Геннадий Еремин — илим изилдөө борборунун алдыңкы окумуштуусу, эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү тармагындагы белдүү адистерден.

Медициналык илимдердин кандидаты, подполковник Александр Юманов россиялык аскердик адистердин тобунун курамында Гвинея республикасында Эбола лихорадкасына каршы күрөшүү боюнча эл аралык программасынын алкагында мобилдик госпиталь курган. Былтыр ал АСЕАН (курамында Түштүк жана Чыгыш Азия аймагындагы он өлкө бар) мамлекеттеринин жана "СМОА плюс" MEDEX-2019 форматындагы диалогдук өнөктөштөрдүн (Россия, Кытай, Индия, АКШ, Австралия, Жаңы Зеландия, Түндүк Корея жана  Япония кирет) аскердик-медициналык кызматтарынын табигый кырсыктарда жана өзгөчө кырдаалдарда эпидемияга каршы туруу маселелери боюнча Индияда өткөрүлгөн окууларга катышкан.

Вирусология тармагындагы эксперт, подполковник Вячеслав Кулиш — вирустук чөйрөнүн биологиялык зыян келтирүүчү агенттеринен коргоочу каражаттарды иштеп чыгуучулардан. Эбола лихорадкасына каршы вакцинаны, кара тумоого каршы дары-дармектерди табууга катышкан. Көбүнесе ушундай деңгээлдеги окумуштуулар жана дасыккан илимпоздордун аракети менен россиялык армияда бүгүнкү күнгө дейре коронавирустук инфекцияга чалдыккандар байкала элек.

Олимпийские игры 2020 в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жайкы Олимпиада оюндары башка убакытка жылды
Ошентсе да баары бир Россиянын Коргоо министрлигинин коллегиясы 20-мартта COVID-19 дүйнөлүк көйгөйдү талкуулоо менен башталды. Бир апта мурун куралдуу күчтөрүндө коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам штабы түзүлүп, кокус аскер кызматкерлеринин арасынан илдетке чалдыгып калышса деп 32 госпиталда атайын бөлүмдөр камдалды.

Эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана коронавирустук инфекцияга каршы туруу үчүн 18-19-мартта "Чкаловский" аэродромунда медиктердин жана аскер полициясынын бөлүктөрүнүн катышуусунда радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо күчтөрүнүн атайын окуусу өткөрүлдү. Жарандарды кабыл алуу, эвакуациялоо, карантин уюштуруу жана транспорттук кыймылды жөнгө салуу иштери иштелип чыкты.

Россиянын коргоо министри жакшылыктан үмүт үзбөйт, бирок өз мамлекетиндеги, жакынкы жана ыраакы чет өлкөдөгү окуялар кандай нук алса да даяр. Табигый эпидемиялар жана биологиялык куралды али эч ким жокко чыгара элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0