Мунай согушу. Вашингтон табуну бузуп, кепке келе баштаганда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай казуу станциясы. Архив
Мунай казуу станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефть рыногундагы баанын түшүшү жана АКШдагы сланец компаниялары тушуккан көйгөйлөрдөн улам америкалык саясатчылар да, нефть компаниялары да абалдан чыгуунун башкача жолдорун издей баштады дейт россиялык серепчи Иван Данилов.

Эксперттин айтымында, ал ыкмалардын айрымдары буга чейин мыйзамсыз, "улуттук кызыкчылыктарга каршы" деп эсептелип келген. Англиялыктардын "кимдир бирөөнү жеңе албай жатасыңбы, жеңүүчүнүн тарабына өт" деген макалы учурду так чагылдырылып тургандай. Анткени Сауд Аравиясы жана Россия менен баа согушунда жеңүүчү боло албаган соң жеңүүчүлөргө кошула калуу АКШ үчүн оң болуп турат. Дал ушундан улам Американын нефть рыногун жөнгө салган мамлекеттик мекеме акылга сыйгыс кадамга барып, ОПЕК өкүлдөрү менен байланышка чыкты. Ал гана эмес, дүйнөлүк рынокту турукташтыра турчу план сунуштап жиберди.

Москвадагы АЗС иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай баасынан улам Америка Россияны кантип жазалоону ойлонуштурат
Албетте, бул пландын ишке ашарына дагы көп убакыт бар, анын үстүнө сүйлөшүүлөр тоскоолдуксуз өтөт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок ушу тапта дүйнө рыногунда канчадан бери орун алып келген табу кыйрады: амеркалыктар нефть баасынын көтөрүлүшү үчүн өз үлүшүн берүү тууралуу сүйлөшүүгө даяр.

АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө катыша турган Райан Ситтен Bloomberg агенттиги аркылуу өлкө позициясын "теориялык жактан Техас нефть казууну 10 пайызга азайта алат. Эгер Сауд Аравиясы менен Россия да он пайызга кыскарта турган болсо, рынок кризиске чейинки абалына кайтат" деп белгиледи.

АКШ бийлигинин нефть олигополия менен жүргүзгөн күрөшүнөн бери америкалык мунай компаниялары казуу иштерин чет элдиктер тургай, өз ара жөнгө сала албай турганы маалым. Бирок Ситтон мырза мамлекеттик структуранын жетекчиси, демек нефть казуунун көлөмүн азайтып коюуга толук укуктуу. Бул структура "Техас темир жол комиссиясы" (The Railroad Commission of Texas) деп аталат, бул аталыш XIX кылымда транспорт рыногун тескеп жаткан маалдан калган. Азыр болсо АКШнын башкы мунай аймагында нефть казууну да көзөмөлдөйт. Ситтон — ушул структуранын комиссары, эми өзүнүн айтымында, ал ОПЕК менен сүйлөшмөкчү, расмий чакыруу да колунда.

Айрым америкалык саясатчылар менен нефть компаниялары чектөөгө каршы болор, керек болсо иш сотко да өтүп кетиши ыктымал, бирок Техастын мамлекеттик структурасы аларга айтпай-дебей, эч бир эреже киргизбей туруп эле иштин баарын бүтүрүп коюшу мүмкүн.

Биринчи кезекте аталган структура аралаш газды өрттөөгө уруксат берип, тыюу салууга укуктуу. Америкалык сланецтик компаниялар экологдор менен айрым экономисттер каршы болгон мындай тажрыйбаны дайым колдонуп келишет. Өндүрүштү көбөйтүү үчүн сланцычылар нефть кошо алынган газды өрттөп салышат. Эгер буга тыюу салына турган болсо, сланец нефтисин казуу кыскара баштамак.

Портогу нефть менен цистерна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай россиялык газдын да баасын түшүрөбү? Серепчинин ой толгоосу
Экинчи жолу — сланцычылар дайым жаңы скважина таап турууга аргасыз, бирок ага дагы уруксатты жогорудагы комиссия берет. Эгер бул процесстин жолун бууп койсо дагы нефть казуунун көлөмү азаят. Бирок мындай ыкма өтө эле одоно, анан да таптакыр айла болбой калганда колдонулса керек.

Bloomberg агенттиги Техас компаниясы менен ОПЕК өкүлдөрүнүн жолугушуусу июнга белгиленгенин кабарлады. "АКШнын таасирдүү аткаминери ОПЕКке чакыруу алды. Жума күнү Техас темир жол комиссиясынын комиссары Райан Ситтон ОПЕКтин башкы катчысы Мохаммад Баркиндо аны жайында Венада өтчү жолугушууга чакырганын жар салды. Мындай күтүүсүз билдирүү АКШ менен эл аралык нефть чөйрөсүндө жакшы жаңылык деп кабылданганы менен Ситтондун Техаста нефть казуунун көлөмүн кыскартуу сунушу 1970-жылдардан бери өз агенттигинде каршылыкка тушукту.  Эгер Техас жеткирүүнү токтото турган болсо, башка мамлекеттер же штаттар да ошентет деген кепилдик жок".

Бул билдирүүдөн нефть казуунун көлөмүн азайтуу боюнча комиссиянын өзүндө да карама-каршылыктар бар экени белгилүү болду. Олку-солку болгондор принциптеринен улам эмес, алданып калуудан коркуп жатышат. Мындан улам алардын айткандарын баш тартуу эмес, Венада ортого салып талкууга алууга боло турган себептер деп кабылдаш керек.

Өтө кызык, бирок учурдагы абал баанын түшүшү АКШнын нефть секторун ийкемдүү кылып коерун көрсөттү. Албетте, Американын бейрасмий болсо да ОПЕКке кирип кетиши же оозеки болсо да эл аралык макулдашууга барышы күмөн. Ошентсе да нефть казуу жаатындагы кырдаалды жөнгө салууда алдыны көздөй кадамдар жасалганы айкын болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0