03:52 26 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.6468
  • EUR80.2603
  • RUB1.0246
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (732)
447 0 0

Ушул тапта дүйнөдө COVID-19 вирусуна 381 499 адам кабылды. Алардын ичинен 101 794ү сакайып кетсе, 16 557 киши каза тапты.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Коронавирус дүйнө жүзүнө өтө тездик менен тарап жатат. Бул тууралуу Женевада өткөн брифинг учурунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди.

Анын айтымында, коронавирус кадимкидей күч алды.

"Алгачкы учур катталган соң вирусту жугузуп алгандардын саны 100 миңге жеткиче 67 күн өткөн. Кийинки 100 миң киши 11 күндүн ичинде топтолду.  Ал эми үчүнчү 100 миңи төрт күндүн ичинде вируска чалдыкты", — деди жетекчи.

Ошондой эле ал адам баласы бул оору менен күрөшө аларын, болгону аракет жана тартип керектигин кошумчалады.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта дүйнөдө COVID-19 вирусуна 381 499 адам кабылды. Алардын ичинен 101 794ү сакайып кетсе, 16 557си каза тапты.

Ал эми Кыргызстанда азырынча вирус жуктургандардын саны — 16.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койду

Кыргызстанда жарыялана турган өзгөчө абал жана өлкөдөгү учурдагы кырдаал боюнча толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (732)

Тема боюнча

Коронавируска кабылган эмес. Тротуарда жаткан киши мас болуп жыгылганы айтылды
Экөө тең умрага барып келген. Ноокатта коронавирус жуктургандар тууралуу
Бишкекке коронавирустан улам 12 санитардык пост коюлууда. Карта
РФ окумуштуулары: коронавируска каршы вакцинаны сыноонун алгачкы этабы аяктады
Белгилер:
өлүм, дүйнө, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ