Колумбия: COVID-19 жуктуруп алып президент менен жолуккан мэрге кылмыш иши козголду

© REUTERS / KEMAL ASLANПолиция кызматкерлери офистин жанында туруп жатат. Архив
Полиция кызматкерлери офистин жанында туруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү президент коронавируска тест тапшырууга мажбур болду. Эми ошол жыйынга катышкан бардык аткаминерлер жана кызматкерлер анализ тапшыруусу зарыл.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Колумбиянын Башкы прокуратурасы акыркы күндөрү чет өлкөгө барып келгенин жашырып, президент Иван Дуке менен жолугушууга барган Попаян шаарынын мэри Хуан Лопеске кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, ал Испаниянын Мадрид шаарындагы аэропорт аркылуу Мароккого барып келген. Бирок президенттин мэрлер менен жолугушуусунун алдында ал сапарын, атургай дене табы көтөрүлүп жатканын жашырып койгон.

“Мэр бир нече күн мурда анализ тапшырып, жыйынтыгы коронавирус жуктуруп алганын көрсөттү”, — деп айтылат макалада.

Мунун кесепетинен жума күнү президент Дуке дагы тест тапшырууга мажбур болду. Эми ошол жыйынга катышкан бардык аткаминерлер жана кызматкерлер анализ тапшыруусу зарыл.

Акыркы маалыматтарга токтолсок? дүйнө жүзү боюнча учурда коронавирусту 275 миңден ашуун адам жуктурду. Каза болгондордун саны — 11 397, сакайгандардыкы — 88 250.

Жаңылыктар түрмөгү
0