Биолог коронавирус пандемиясы кандай шартта токтой турганын айтып берди

© AP Photo / Jae C. HongМедициналык маска кийген адамдар. Архив
Медициналык маска кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус адамдан адамга өткөндө мутацияланып, адатта инфекция алсырайт. Андан соң адамга көнүп жашап кетиши үчүн коэволюция болот. Азыр коронавирустун бизге көнүп жаткан учуру экенин окумуштуу айым айтып берген.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Биология илимдеринин доктору, АКШнын системалык биология боюнча окумуштуусу, профессор Анча Баранова жаңы коронавирус эпидемиясын токтото турган эки шартты айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Биринчиси — вирустун эволюция процесси.

"Жаңы кожоюнда (киши вирус үчүн жаңы кожоюн) вирус алсырайт. Биз аны башка вируста, анын ичинен коронавируста да байкап көргөнбүз. Жарганаттардан кишиге жуккан. Ал адамдан адамга өткөндө мутацияланып, бул адатта инфекцияны алсыратат. Андан соң адамга көнүп жашап кетиши үчүн коэволюция болот. Учурда бул вирустун бизге көнүп жаткан учуру. Бирок ал процесстин канчага уланары али белгисиз", — деген Баранова.

Окумуштуу экинчи факторду адамдагы жасап алган иммунитет, тагыраагы, табигый эмдөө процесси деп атаган.

Фармацевтический завод Биоком в Ставрополье - Sputnik Кыргызстан
Антибиотиктер коронавирусту өлтүрбөйт. Адистин түшүндүрмөсү
Баранова коронавирус менен Жер планетасындагы элдин 70 пайызы ооруп бүткөндөн кийин адам баласында аны менен күрөшө турган антитела катмары пайда болот деген божомолун айткан. Мындай учурда эл жапырт оорубай, илдетке айбат кыла турган иммунитет жаралып калат деген.

2019-жылдын 31-январында COVID-19 Кытайдан Ухань шаарында дүйнөгө өзүнүн бар экендигин, кооптуулук жарата турганын жар салган. Үч ай ичинде жаңы коронавирус дүйнөнүн 150дөн ашуун мамлекетине жайылып, пандемия кырдаалын жаратты. Бүгүнкү, 19-марттагы, маалымат боюнча 219 058 кишиге жукса, алардын 84 122си айыгып, тилекке каршы, 8 939 адам илдеттен көз жумду.

Буга чейин да коронавирус пандемиясынын канчага созуларына немец окумуштуусу жооп берген.

Андан сырткары, Кытай медиктери коронавирусту кайсы дары жакшы дарылай турганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0