АКШда карантинге алынган кыргызстандыктардын анализи чыкты

© REUTERS / Kate MunschКруизный лайнер Grand Princess
Круизный лайнер Grand Princess - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Калифорния штатынын жээгинде коронавирустан улам 5-март күнү карантинде турган Grand Princess круиздик лайнеринде эки кыргызстандык бар экени айтылган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Калифорния штатын (АКШ) жээктеп жүргөн Grand Princess круиздик лайнериндеги эки кыргызстандык Жорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго киргизилди. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

Буга чейин Калифорния штатынын жээгинде коронавирустан улам 5-март күнү карантинде турган Grand Princess круиздик лайнеринде эки кыргызстандык бар экени айтылган.

Маалыматка караганда, алар менен Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги байланышып, кабар алган.

"13-мартта мекендештерибиз карантин борборуна жайгашып, алардан дароо анализдер алынган. Бир нече тесттердин натыйжасында аларда коронавирус жок экени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Алар 14 күндүк карантинден өткөндөн кийин гана үйлөрүнө кеткенге мүмкүнчүлүк болору кошумчаланды.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0