12:19 14 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7022
  • EUR87.9123
  • RUB1.0983
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (875)
385 0 0

КР Россияда эмгек миграциясында жүргөн мекендештерди коронавирус инфекциясын жайылтпоо боюнча аталган мамлекеттин мыйзамдарын, өтүнүч-талаптарын аткарууга жана сактоого чакырат.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Россияга барууну пландаган кыргызстандыктар сапарын 18-марттан 1-майга чейин токтото туруусу керек. Бул туурасында Миграция боюнча мамлекеттик кызматтан айтышты.

Эске салсак, Россия эртең, 18-марттан тарта өзүнүн аймагына чет элдиктерди киргизбей тургандыгын билдирген. Анда убактылуу чектөө 1-майга чейин созулары айтылды.

"Миграция кызматы Россияга барууну пландаштырып жаткан Кыргызстан жарандарын көрсөтүлгөн убакыт аралыгында сапарын токтото турууну сунуштайт. Ал эми учурда Россияда эмгек миграциясында жүргөн мекендештерди коронавирус инфекциясын жайылтпоо боюнча өздөрү жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын, өтүнүч-талаптарын так, туура аткарууга жана сактоого чакырат", — деп белгиленген маалыматта.

Россия мындай кадамын мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, элдин ден соолугун сактоо жана коронавирусту таратпоо максатында кылганын айткан.

Убактылуу бул чектөө товар ташыган ири автоунаалардын айдоочуларына, дипломаттарга жана РФте дайыма жашаган адамдарга тиешелүү эмес.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (875)

Тема боюнча

Кыргызстанда үй карантинине алынгандар үчүн 9 эреже
Бишкектеги №3 бейтапкана карантинге жабылды деген маалымат төгүндөлдү
Иран коронавирустан коркуп 85 миң кылмышкерди түрмөдөн чыгарып жиберди
Белгилер:
чет элдик жарандар, коронавирус, жабуу, чек ара, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ