Сак болгула! Интернет каракчылар коронавирусту жамынып акча уурдоодо

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач кат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирусту алдын алуу боюнча сунуштамалары сыяктуу келет. Аны ачары менен киши башка сайтка өтүп кетет.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) атынан коронавирус тууралуу кат жолдоп, акча уурдаган интернет шылуундар пайда болду. Бул тууралуу "Лаборатория Касперского" адистер тобуна шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, дүйнөнүн ар кайсы жагына күнүнө миңдей билдирүүлөр жөнөтүлүп жатат.

"Алгач кат ДССУнун коронавирусту алдын алуу боюнча сунуштамалары сыяктуу келет. Аны ачары менен киши башка сайтка өтүп кетет. Ал жактан коронавирус менен күрөшүү үчүн каражат чогултулуп жатканы айтылып, колдонуучудан акча которуусун суранышат", — деп айтылат макалада.

Ошондой эле мындай билдирүүлөр Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун атынан дагы келип жатканы айтылды.

Андыктан адистер кандайдыр бир күмөн жараткан билдирүүлөр, сайттар көрсөтүлгөн болсо, ага кирерден мурда интернеттен алар тууралуу маалымат издеп көрүүнү сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0