12:23 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (745)
135 0 0

Кабыл алынган чечимдер коронавирустун өзүнө гана эмес, анын кесепетине, валюта рыногундагы абал жана миграцияга дагы тиешелүү болот.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр коронавирус менен күрөшүү боюнча бири-бирине жардам берүүнү макулдашты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жыйыны аяктаган соң коллегия төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

Анын айтымында, кабыл алынган чечимдер коронавирустун өзүнө гана эмес, анын кесепетине, валюта рыногундагы абал жана миграцияга дагы тиешелүү болот.

"Өлкөлөр өз казанында эле кайнай бербей, бири-бири менен пикир алышып, маалымат берип турушу абзел. Менимче бул нерсе бири-бирибизге эффективдүү чечим кабыл алууга жардам берүүгө шарт түзөт", — деди Мясникович.

Маалыматка караганда, армян тарап медициналык мекемелер менен элге жеңилирээк болушу үчүн импорттолгон айрым товарларга бажы пошлинасын албай турууну же азайтууну сунуштады. Ал эми кыргыз өкмөтү өлкөлөр бири-бирине көрүлүп жаткан жана жыйынтыгын берип калган чаралар боюнча маалымат берип туруу сунушун киргизди.

"Коронавирус жүк ташуу жана товар айлантуу жаатына бир топ кесепетин тийгизип жатканы талашсыз. Эми ага каражат жана насыя саясатына тиешелүү маселелер кошула баштады", — деди ЕЭК төрагасы.

Анын айтымында, бул кырдаал ар бир мамлекеттин Экономика министрликтери менен Улуттук банктары тарабынан жөнгө салынып жатат.

16-март күнү Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Белоруссия менен чек арасын жарандар үчүн жаба турганын айтты. Бирок бүгүндөн тарта өткөрүү пункттарында зарыл товарларды өткөрүү үчүн "жашыл коридор" ачылмакчы.

Мындан тышкары, Армения менен Россия эки аптага аба каттамдарын токтотушту. Ал эми Казакстан менен Кыргызстан түзүлгөн абалга карабай, жүк ташуу үчүн чек араларын жаппай турган болду.

11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялаган. Буга чейин биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен коронавирус Россия, Армения, Белоруссия жана Казакстанда аныкталган.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (745)

Тема боюнча

Таиланд өкмөтү пенсиядагы медиктерди ишке чакырууда
Евробиримдик четөлкөлүктөрдү убактылуу киргизбей турууну пландоодо
Белгилер:
күрөш, коронавирус, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ