Россия, Казакстан жана Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

© Sputnik / Медиабанкка өтүүКоронавируска анализ жасоочу мобилдик лаборатория
Коронавируска анализ жасоочу мобилдик лаборатория - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарда дүйнө жүзү боюнча 182 миңден ашык адам жуктуруп алды. Анын ичинен 7154ү каза тапты.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде дүйнөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 13 миңден ашты. Мындай маалымат Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтына жарыяланды.

Ал эми Россияда вирус бир суткада 30 адамга жугуп, ооругандардын саны 93кө жетти.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам Кыргызстан кайсы авиакаттамдарды токтотту. Тизме
Коңшу Казакстанда 13 адам ооруга чалдыкты. Арасында 12 жаштагы кыз менен эки жашар бөбөк бар. Өзбекстанда сегиз кишиге вирус жукканы айтылды. Негизинен алардан Франция, Германия жана Италиядан кайтып келгенден кийин коронавирус аныкталган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруу факты катталган жок.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 182 миңден ашык адам жуктуруп алды. Алардын 7154ү каза таап, 79 миңден ашуун киши сакайды.

Жаңылыктар түрмөгү
0