19:38 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (837)
74 0 0

Өлкө бийлиги пенсионер медиктер үчүн каражат бөлмөй болду. Мындай чара эпидемиянын үчүнчү фазага өтүп кетишин алдын алуу үчүн жасалат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Таиланд өкмөтү жумушка жарактуу бардык пенсионер дарыгерлерди коронавирус менен күрөшүү үчүн мамлекеттик жана жеке ооруканаларга келип убактылуу иштеп берүүсүн өтүнүүдө. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн премьер-министри Висан Крыангамга шилтеме берип жазды.

Өкмөт башчынын кайрылуусу Thai PBS телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн.

"Бийлик эпидемияга каршы күрөшүү үчүн ишке чыга турган пенсионер дарыгерлерге каражат бөлөт", — деди Крыангамга.

Өкмөт башчы мындай чара эпидемияны көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калган үчүнчү фазага өтүп кетүүсүн алдын алуу үчүн жасалып жатканын кошумчалады.

Таиланд учурда инфекциянын жайылышы боюнча экинчи фазада турат. Акыркы маалымат боюнча, аталган өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 147 адам катталган.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (837)

Тема боюнча

Кыргызстанга коронавирустан улам 7 өлкөнүн жарандары кире албайт. Жаңы документ
Белгилер:
пенсия, дарыгер, коронавирус, Таиланд

ЭҢ МААНИЛҮҮ