Кытайды коронавирустун экинчи толкуну капташы мүмкүн. АКШ экспертинин божомолу

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүКоронавирус үчүн шаардык көчөлөрдө көпчүлүк
Коронавирус үчүн шаардык көчөлөрдө көпчүлүк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус дүйнөнү жыл башынан бери сестентип келет. Кытайда тараган илдет 100дөн ашуун мамлекетке жайылып, 169 385 адамга жукту.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кытай карантинден чыга турган болсо, коронавирустун экинчи толкунуна тушугушу мүмкүн. Бул туурасында АКШнын ооруларды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Энтони Фаучи билдиргенин РИА Новости жазды.

"Кытай өлкөсүн жаап салды... Мурдагыдай жашоого кайтуу үчүн чектөөлөрдү ала турган болсо, оорунун экинчи толкуну капташы мүмкүн. Андай болбосун деп тилейм", — деген Фаучи ABC телеканалына берген маегинде.

"АКШда пандемия болушу мүмкүнбү?" деген суроого эксперт ал бир нече айга созуларын, бардыгы ооруну алдын алуу чараларынан көз каранды экендигин билдирген.

"Коронавирус бир нече жумадан бир канча айга чейин созулушу ыктымал. Эгер динамикасын салыштыра турган болсок, Кытай менен Түштүк Кореяга көз чаптыралы. Кытайда ал жеткен чегине жетип, аз-аздан ылдыйлап жатат. Акыркы күндөрү илдет катталган учур мурдагыга салыштырмалуу кыйла эле төмөн", — деген ал.

16-марттагы маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирусту 169 385 адам жуктуруп, анын 77 257си сакайды. Ал эми өлгөндөрдүн саны 6 513кө жетти. Вирус 100дөн ашуун мамлекетке тарады.

Жаңылыктар түрмөгү
0