Жашында аялды теңине албаган эркектер улгайганда бактысыз болуп калат. Иликтөө

© AFP / PHILIPPE HUGUENПожилая пара в Газебруке
Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечимге келүү үчүн окумуштуулар жашы өтүп калган 5500 эркекти сурамжылаган. Алар өзүнүн мүнөзүн жана жаш кезиндеги кылык-жоругун, жубайына, досторуна болгон мамилесин айтып беришкен.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жаш кезинде мүнөзү оор эркектер улгайганда жалгыз жана бактысыз болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мичиган университетинин (АКШ) социологдорунун иликтөөлөрүнө таянып Daily Mail басылмасы жазды.

Мындай чечимге келүү үчүн окумуштуулар жашы өтүп калган 5500 эркекти сурамжылаган.

Адистердин айтымында, мындай адамдар өзүнүн эркек катары ролун аша чаап жиберишет.

"Мисалы, өзүн ар дайым аялдан өйдө коёт. Атургай улам бири менен мамиле куруп, өзүн оголе эркин сезет. Эч кимге сырын айтып, жан дүйнөсүн ачып сүйлөшпөйт. Өзүнүн алсыздыгын моюндагысы келбейт. Аял кишиден жардам алса чыныгы эркек деген аты өччүдөй кыйналат", — дейт социолог Стеф Шустер.

Андыктан мындай адамдардын санаалаштары, достору аз болуп, жашы өткөндө жалгыз калуу коркунучуна кептелиши мүмкүн. Бала-чакалуу болгон күндө дагы, алар атасы менен жашагысы келбээри айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0