Финпол: пара менен кармалган судья кол тийбестиктен ажыратылышы мүмкүн

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКонверт с долларовыми купюрами
Конверт с долларовыми купюрами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүнүн кылмыш жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер чогултулгандан кийин тергөө органы аны Башкы прокуратурага жөнөтөт.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун пара менен кармалган судьясынын иши боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финпол) кабарлашты.

Эске салсак, Биринчи май райондук соттун О.М аттуу судьясы 12-мартта эки миң доллар пара алууга шектелип кармалган. Аны колго түшүрүү учурунун видеосу да жарыяланган.

"Учурда бул иш боюнча бардык экспертизалар дайындалып, текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы судьяны кол тийбестиктен ажыратуу үчүн прокуратурага жөнөтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ленин районунун салыкчылары 25 миң доллар пара талап кылган деп кармалды
Судья кылмыш жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер чогултулгандан кийин тергөө органы аны Башкы прокуратурага жиберет. Андан соң соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия чечим чыгарат.

Конституциялык мыйзамдын 30-беренесине (Соттордун статусу) ылайык, судья Башкы прокурордун көрсөтмөсү боюнча соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын макулдугу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Азыркы учурда аталган комиссияга судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча көрсөтмө берилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0