Трамп Европадан АКШга болгон каттамдын бардыгын токтотту

© REUTERS / Kevin LamarqueПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп Евробиримдикти коронавирустун тарап кетишин алдын алууга жетиштүү аракет кылбаганын сындады. Ушул тапта Америкада коронавируска 1312 адам кабылып, 38 киши көз жумду. Ал эми сакайгандардын саны — 8.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дональд Трамп Европадан АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Мамлекет башчысы бул катуу, бирок керектүү чара экенин белгилеген.

"Өлкөгө коронавирусту жайылтпоо үчүн Европадан АКШга болгон бардык каттамдарды 30 күнгө токтотобуз. Эреже 13-мартта күчүнө кирет", — деди президент.

Нью-Йоркская фондовая биржа (NYSE) в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
2008-жылкы кризисти алдын ала айткан эксперттин жүрөк үшүткөн божомолу
Ал ошондой эле Евробиримдикти коронавирустун тарап кетишин алдын алууга жетиштүү аракет кылган жок деп сындады.

"Европа биримдиги вирус жайылган өлкөлөрдөн кирип-чыккандарды чектей албай койду. Ошондой эле ооруну алдын алууга жетиштүү чара көрүлгөн жок", — деди Трамп.

Ушул тапта Америкада коронавируска 1312 адам кабылып, 38 киши көз жумду. Ал эми сакайгандардын саны — 8.

Жаңылыктар түрмөгү
0