Түркияда коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам катталды

© REUTERS / MURAD SEZERТүркияда ашкананы дезинфекциялап жаткан кызматкер
Түркияда ашкананы дезинфекциялап жаткан кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын билдиришинче, дартка кабылган эркек киши жакында эле Европадан келген.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Түркияда биринчи жолу коронавирус менен ооруган адам катталганын Daily Sabah басылмасы жазды.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын билдиришинче, дартка кабылган эркек киши жакында эле Европадан сапардан келген.

Медициналык маска кийген Токио шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирусту жуктуруп алууга даяр ыктыярчылар изделүүдө. Акысы 4500 доллар
11-марттагы маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча жаңы типтеги коронавирусту 119 086 адам жуктуруп, анын көбү сакайды (65 762). Ал эми каза тапкандардын саны 4 284кө жетти.

Илдет көп катталган өлкөлөр Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея жана Франция болууда.

Оору алгач декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жайылган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0