Путин президенттик мөөнөткө коюлган чектөөнү жоюу боюнча оюн айтты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери өзүнүн мөөнөтүн узартуу боюнча сунушка жооп берди. Анын айтымында, мындай өзгөртүүлөр Конституциялык сотто каралышы керек.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Конституцияга өзгөртүүлөр каралып жаткан Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып президенттик мөөнөткө чектөөнү жоюу боюнча сунушка пикирин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Мамдуманын депутаты Валентина Терешкова Баш мыйзамдан президенттик мөөнөттүн санын чектөө каралган беренени алып салууну демилгелеген.

Путиндин айтымында, мындай кадам максатка ылайык келбейт. РФ лидери, мындан тышкары, учурдагы президенттин мөөнөтүн узартуу сунушуна да жооп берди.

"Сунушталган өзгөртүүлөргө эл макул болсо гана ошонун негизинде жасаш керек. Ооба, апрелде жалпы элдик добуш берүү өтөт, бирок мында президенттин мөөнөтү альтернативасы жок шайлоонун натыйжасында узартылып калат. Бул, менимче, туура эмес", — деди Путин.

Архивные фотографии Владимира Путина  - Sputnik Кыргызстан
Бийликтеги 20 жыл. Путиндин уникалдуу сүрөт жана видеолору жарыяланды
Эгер тийиштүү өзгөртүү кире турган болсо анын мыйзамдуулугун Конституциялык сот карашы керек болот.

Эскерте кетсек, январдын соңунда Владимир Путин Мамлекеттик Думага Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Мамдума добуш берүүнү 22-апрелде өткөрүү сунушун колдоп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0