12:24 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD74.0750
  • EUR81.1788
  • RUB1.0412
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
108 0 0

Куткаруучулар детектордун жардамы менен уранды алдынан тирүү кишини тапкан. Эртең менен алар жардам сурап кыйкырган үндү укканы айтылды.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кытайлык куткаруучулар Фуцзянь провинциясындагы мейманкананын урандысынан кырсыктан дээрлик үч күндөн кийин тирүү кишини алып чыгышты. Бул туурасында "Жэньминь жибао" басылмасы билдирген.

Эске салсак, Кытайдын Личэн аймагында коронавируска шектелип карантинге алынган кишилер жашап жаткан мейманкана урап калган.

Куткаруучулар детектордун жардамы менен уранды алдында тирүү киши бар экенин билишкен. Эртең менен алар жардам сурап кыйкырган үндү угуп, жарым сааттан кийин жабырлануучунун кайда жатканын аныктаган.

10-марттагы маалыматтарга таянсак, уранды алдынан 62 кишини алып чыгышкан. Алардын 20сы каза тапса, дагы тогуз адамды издөө уланууда.

Xinjia Express мейманканасы 2018-жылы курулган. Учурда аны коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон адамдарга карантин жайы катары колдонуп жатышкан.

Отелде коронавирус тараган Хубэй жана Чжэцзян провинциясынын Вэньчжоу шаарынын жашоочулары карантинде турган. Медиктер эки аптага карантинге киргизилген мындагы адамдардын ден соолугу таза экенин айтышкан. Болгону алар ооругандар менен тыгыз байланышта болгону үчүн обочолонгон болчу.

Тема боюнча

Коронавирус боюнча карантинге алынгандар Воронцовкадагы санаторийге жөнөтүлөбү?
Коронавирус пандемия кооптуулугун жарата баштады. Дүйнөлүк уюм үн катты
Белгилер:
куткаруучулар, мейманкана, урандылар, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ